super.kg logo

Беш өлкөдөн келген делегация Кыргызстандын ири долбоорлору менен таанышты

 

Бүгүн, 12-ноябрда, Бишкектеги "Ак-Кеме" мейманканасында курулуш министрлеринин экинчи конференциясынын алкагында Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ири курулуш долбоорлорунун көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, көргөзмөдө өлкөдөгү ири курулуш объектилеринин архитектуралык макеттери, долбоордук чечимдери мультимедиялык экрандар жана санариптик жабдуулар аркылуу көрсөтүлдү.

"Курулуш министри Нурдан Орунтаев чет өлкөлүк делегация башчыларын долбоорлор менен тааныштырып, анын ичинде туристтик аймактарда жүргүзүлүп жаткан ири курулуш жана инфраструктуралык иштер тууралуу маалымат берди. Көргөзмөнүн негизги максаты – Кыргызстандын курулуш тармагындагы жетишкендиктерин жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык өнөктөштөргө тааныштыруу жана бул багыттагы кызматташтыкты кеңейтүү", - деп кошумчаланды.

Белгилей кетсек, иш-чарага Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: