super.kg logo

Учак кырсыгынан каза болгон бир үй-бүлө мүчөлөрү жерге берилди

 

2017-жылдын 16-январь күнү эртең менен болгон учак кырсыгы жалпы кыргыз элин кайгыга салды. Гонконгдон жүк жүктөп келе жаткан учак бир заматта айыл элин дүрбөлөңгө түшүрүп, бир канча турак үйдү жер менен жексен кылып кетти. Таттуу уйкуда жаткан канча адам уранды алдында о дүйнөгө кете берди. Каза болгондордун арасында 33 жаштагы Азамат Дербишалиев жана анын 32 жаштагы аялы Наргиза Жумаканова, 5 жаштагы баласы Актан Абакиров, 4 айлык кызы Раяна Абакирова да бар. Бүгүн, 18-январда аларды акыркы сапарга узатуу зыйнаты Сокулук районунун Манас айылында болду. 5 жашар Актан атасы менен, 4 айлык Раяна апасы менен чогуу жерге берилди. Бул үй-бүлөнүн артында тукумун улаар жалгыз гана 7 жашар Султан калды. Учурда ал чоң ата, чоң энесинин колунда.

Маркум Азамат Дербишалиевдин бир тууган бөлөсү Эрнис Жумаалы уулунун айтымында, учак үйдү түп орду менен сүрүп кеткен.

"Мен Азамат байкем менен дем алыш күнү кечинде жумуш боюнча сүйлөшкөм. Эртең менен чалсам телефону өчүк, жеңемдики болсо албайт. Бир тууган инисине чалсам ал суук кабарды угузуп жатпайбы. Жеңемдин жансыз денесин кызын кучактаган абалда кошунанын үйү жактан табышты. Ал эми байкем менен Актандын дене мүчөлөрү бир канчага бөлүнүп кетиптир. Айла жок, кырсык деген кырсык экен, жоктоп кала бердик... Азамат Дербишалиев жөнүндө айтсам, аябай так адам эле. Жумушка барам десе барат, барбайм десе барбайт болчу. Артында ата-энеси, бир баласы калды", - дейт Эрнис Жумаалы уулу.

Ал эми Султандын чоң атасы Рахат Сыдыков небересинин кандайча аман калганын төмөндөгүчө айтып берди:

"Эртең менен апасы тамагын берип, кийинтип мектепке барчу балдарга кошуп жиберген. Андан көп убакыт өтпөй эле учак кырсыгы катталган. Султандын айтымы боюнча, окуяга мектепке барчу балдар менен чогуу күбө болгон. Кийин кичи автобус келип мектепке алып кеткен. Учурда менин колумда. Азамат кесиби боюнча ширетүүчү болчу. Жумушка тың, ак көңүл жигит эле. Келиним Наргиза "Кут билим" гезитинде корректор болуп иштеп жүргөн. Көз жаргандан кийин кызын карап үйдө отурчу".

Таң эрте болгон учак кырсыгы жалпы 38 адамдын өмүрүн алды. Алардын арасында экипаждын 4 мүчөсү да бар. Ошондой эле 15 жашка чыга элек 17 өспүрүм кайтыш болду.

Кечээ уранды алдында калган дагы бир үй-бүлө жерге берилген. Бул үй-бүлөдөн жалгыз гана 7 жаштагы Жакшылык аман калды. Ал эми атасы Уларбек, апасы Акмарал жана карындаштары Сабина менен Аида уранды алдында калышкан. ​Учак кырсыгынан каза болгондордун арасында маркум Санжар Осмоновдун үй-бүлөсү да бар. 17-январда Санжар Осмонов, анын кош бойлуу жубайы, 1 кыз, 2 уулу жерге берилди.






Учак кырсыгынан балдарын жоготкон эне: "4 баламдан айрылдым"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
18.01.2017. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар окуганда журогум сыздады((Аллахым калган балдарынын келечегин кен кыла кор,Кайтыш болгондорго Бейишинден орун бер
18.01.2017. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байтик айылында периштелер Эрзат,Жылдыз жана Аманды жерге берип келдик(((атасы Азаматтын кошогунда ж.б.видео-сүрөттөрдө ыйлап аткан көк курткачан адам(((баарынан кейиштүүсү Нарын тараптан шейит кеткендердин баары кенедей бир айылдан(((баары мен тааныган,чай ичишкен адамдар эле(((аяшыбызга и теңтушка аябай жаман болду,өзүнүн да кабыргасы сыныптыр
18.01.2017. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу журогум ачышат окуган сайын,кайтыш болгондордун жаны жанаттан болсун.Аллахым бейишин берсин.
18.01.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
супер кж сиздерге таарыныч,кыргыз тилдүү гезит,сайттан окумдуусу силерсиңер кабарчыңарды жиберсеңер болмок(((аны менен бирге жок жерден жалаага кабылган теңтушумдун инилеринен да алгачкы сааттардагы мародерлук жөнүндө чындыгын биле келмексиңер...?
18.01.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
минтип айтканым ал эки бала чынында иниси и агасынын алмончоктой үч баласы учуп кетип атса уурулук кылгандарын элестеткиле....окурмандар бүгүн жергиликтүү каналдардан ал балдардын окуясы кандайча болгонун көрсөңүздөр болот...акыйкат болуш керек!!!
SUPER.KG видео
18.01.2017. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх бул жума эн оор жума болду. Колдон эч нерсе келбей турган учур. Жайлары жаннатта болсун!
18.01.2017. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым бейишин брсин! Султандын омуру узуун жигит болсун жожо балапаным дес жаман болуп атам Султанды карап эле байкуш балапаным
Медиа-портал
18.01.2017. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коргон сайын козго жаш аламын.Жайы жаннаттан болсун!(оомиийн).
18.01.2017. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жаткан жерлери жайлуу топурагы торко болсун. Кудай рахматына алсын. Жакындарына сабыр берсин!
SUPER.KG видео
18.01.2017. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннаттан болсун!Журогум ооруп ыйлайм атат..
SUPER.KG видео
19.01.2017. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээээх Аллах журогум!!!! Ыйлап ыйлап алдым. Кыргыз элиме сабыр тилейм. Кудайым тынчтык,омур берсин! Наристеге журогумоооруп турат!
SUPER.KG видео
19.01.2017. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерлери жайлуу болуп,
Жайлары жаннаттан болсун.
SUPER.KG видео
19.01.2017. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо Аллахым жаткан жерлери жайлуу болсун,бейишинден орун бере кор, жакындарына сабыр бере кор.
SUPER.KG видео
19.01.2017. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайратт кылыныздар! маркумдардын жандары жаннатта болсун. Кудай Аман калгандардын башына эч качан мындай ишти алып келбесин!
SUPER.KG видео
19.01.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султанга кантип жардам берсек болот? Билип берип коюңуздарчы.
SUPER.KG видео
19.01.2017. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жандары Жаннатта болсун! Аллахым бейишинен берсин! Козумо жаш алып кордум
SUPER.KG видео
19.01.2017. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайлары жаннаттан болсун деп тилейли.Супер инфо Султан тууралуу маалымат бергениңиздерге чооң рахмат жалгыз силер маектешипсиңер ушу бала м.н сайттардын баарында Жакшылык жөнүндө жазылып,Султан тууралуу унутуп калышкандай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: