super.kg logo

Министр "Формула-1" чемпиондугу өтө турган аймактагы курулуш менен таанышты

 
Курулуш министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көлдө өтө турган F1H2O суудагы "Формула-1" боюнча дүйнө чемпиондугу өткөрүлө турган аймактагы даярдык иштери менен таанышты. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, учурда унаа токтотуучу жайларды куруу, асфальт төшөө жана узундугу 800 метрди түзгөн жөө адамдар өтүүчү тротуарларды салуу иштери жүрүүдө. Нурдан Орунтаев даярдык иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, бардык иштерди белгиленген мөөнөттө жана талаптагыдай деңгээлде бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берген.
Маалымат үчүн: F1H2O World Championship – суу-мотор спорту боюнча дүйнөдөгү эң абройлуу чемпиондуктардын бири болуп саналат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: