super.kg logo

Рак илдетине кабылган жалгыз бой эне: "Өлөрүңдү билсең мага чал, мен балдарыңды багып алайын" дегендер көңүлүмдү сындырышат"

 

Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча жүздөгөн жаңы төрөлгөн ымыркайлар балдар үйүнө ташталат. Анын ичинде Кыргыз өлкөсүндө да ташталган балдар ондоп саналат. Балдар үйүндө чоңойгондордун жашоосу кандай болору бүдөмүк. Дилбар Асанакун кызын да өз ата-энеси таштап кеткен. Ал чоочун адамдын колунда чоңойсо да, эч нерседен кем болбой өскөнүн айтат.

"Үч айлык наристе кезимде өз ата-энем бир үйдүн короосуна таштап кетишиптир. Үйдүн ээлери мени багып чоңойтушту. Эч нерседен кем кылбай багып өстүрүштү. Эс тартып, бой жеткенде атам багып алганын айтпай кайтыш болду. Кийинчерээк апам багып алышканын айткан, ал да каза болуп, жашоодо жалгыз калдым. Атамдын мурдагы аялынан 10 баласы бар. Алар менен байланышым жок, ооруп жатканымды деле билишпейт", - дейт Дилбар Асанакун кызы.

Ал Тоң районунун Дөң-Талаа айылында өскөн, азыр 27 жашта. Кайгы артынан кайгы коштоп, бактысыз жашоодон башы арылбай келгендей. Алгач өз ата-энеси боор этинен бүткөн чүрпөсүн таштап кетсе, эс тарткандан кийин багып алган ата-энесинен айрылып, кийинчерээк турмушка чыгып, бир балалуу болушканда жолдошу да каза болуп калган. Кийинки жолу турмушка чыгып, жолдошу 3 айлык кош бойлуу кезинде таштап кеткен. Эми ичегинин рак илдетине кабылып, азапка батып отурат.

"Таштап кеткен күйөөмдөн ай-күнүм жетип төрөп алдым. Башында жолдошум төрөбөй эле кой деп жүрдү. Анын оюна макул болуп ооруканага барсам, дарыгерлер түйүлдүктүн жүрөгү согуп калыптыр дегенинен тим койгом. Мындан улам ал мени таштап баса берди, нике кагазын да алган эмеспиз. Балам төрөлгөндө "ооруканадан чыгарып кет" деп суранып жатып күйөөмдү макул кылдым. Андан бери өзү кайрылган жок, туугандары да келген жок. Азыр экинчи балам 1,5 жашка чыкты. Улуу балам 1-класста окуйт", - деп кошумчалады каарманыбыз.

Дилбардын кичине баласын кайрымдуу адамдар "карап беребиз" деп алып кетишкен. Анткени ал рак илдетине чалдыгып, 5 оор операцияны башынан өткөргөн. Ал соңку убактарда 6 жолу химиялык жол менен дарыланган. 7 айдан бери атайын түтүктөрдүн жардамы менен заара кылат.

"Кайрымдуу адамдар көп экен, жардам колун сунушууда. Бирөөсү акчалай жардам берсе, дагы бири азык-түлүк берет. Бир эже абалымды көрүп, "балаңдын бирин карап берейин" дегенинен бергем. Баламды 3-4 күндө барып көрүп турам. Араб өлкөсүнүн кайрымдуулук фонду май айына чейин батирдин акчасын төлөгөн. Мындан сырткары алар дары-дармегиме каралашып турушат. Алар мага канча убакытка чейин жардам беришери белгисиз", - дейт Дилбар Асанакун кызы.

"Өлөрүңдү билип калсаң мага чал, мен балдарыңды багып алайын" деген адамдар көңүлүмдү сындырууда. Көзүм тирүү кезде балдарымды өзүм багам. Дарыгерлер да мага үмүт берип, айыгарымды айтып жатышат. Мен капаланбашым керек, балдарым үчүн күчтүү болуп, оорум менен алышам", - деп көзүнө жаш алды каарманыбыз.

Дилбар Асанакун кызы акыркы күндөрү арыктап, учурда 36 килограмм салмакта. Ага карабай кайрымдуу адамдардан, жашоодон үмүтүн үзбөй, ар бир таңда уулун мектепке жеткирип, көбүрөөк күлүп жүрүүгө аракет кылат.






3 айлыгында короого ташталган кыздын тагдыры

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(22)
01.02.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Алла Оруусун берген болсо,шыпаасында кошо берет сакайып кетин Аммииин
01.02.2017. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошол адамдардын дарегин же телефонун бериниз ордуна коюп коелу.
01.02.2017. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KUMKA,кой андай дебе алар ойлонбой суйлоп алгандарда.
Андан коро жардам берели.
01.02.2017. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
KUMKA,адашып минус басып алдым.туура.акылга чакырып коюш керек
01.02.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аллах шыпаасын берсин балдарындын бактысына аман бол
01.02.2017. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бир кудай жакшы. Аллахым шыпаасын берип жакшы болуп кетиниз Омииин!
01.02.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым шыфаасын берсин балдарыныздын бактысына аман дени сак болунуз дуа кылабыз айыгып кетиниз
01.02.2017. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кудайымдын кудуреттинди аябачы суранам,жакшы болуп кетсинчи, эки баласы жетим калбасынчы.Аллахым боорун ачысынчы,шыпаасын берчи...
aseras түзөттү 2017-02-01 16:41:28
01.02.2017. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы бп кетиниз балдарыныздын урмат сыйын корун..

01.02.2017. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Toboo adamdar emne bolup baratyshat? Andan koro jardam bereyin dep chalsa bolboibu? Osholordun "tilegin" tash kaap siz jakshy bolup ketiniz. Kudaiym baldarynyzdyn mandaiynda aman kylsyn! A baldardyn atasyn "adam" dep atoogo bolboit!
01.02.2017. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сакайып кетиниз
01.02.2017. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элден пейил кетиптир да таза эле. Кантип ооздору б арып чалышат ушинтип.
01.02.2017. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым шыпаа бере кор
01.02.2017. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Күчтүү боло корүнүз, туура айтасыз, оору менен күрөшүү керек! Балдарынызга керексиз! Ден соолук, аманчылык тилейбиз.
01.02.2017. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсызбы админ!Ушул эженин адресин жазып койсонуз болотбу?Керек эле
02.02.2017. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayida, саламатсызбы? 0709 332 933 жана 0778 80 10 62 номерлери аркылуу байланышсаңыз болот.
01.02.2017. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Телефон номерин
02.02.2017. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах шыпа берип айыгып кетсин. Балдарындын бактысына бар бол!!!
SUPER.KG видео
02.02.2017. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тезиреек сакайып кетиниз эжеке. Балдарыныздын бактысына бар болунуз. Уулдарыныз эр жетип келиндериниздин колунан ыссык чай ичкен кунду корунуз. Оомин
Медиа-портал
02.02.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балдарыңды көөөөөөөөп эркелет. Бул сенин айыгышыңа таасир берет. Эч качан маанайды түшүрбө, болбосо оору жабышат. Ар дайым күлүп жүр.
Медиа-портал
03.02.2017. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ден соолукта болунуз! Тез айыгыып кетиниз! Ушул койгойду Кыргыз мамлекетинин Эл башчысына кайрылуу жолдош керек. Жардам кылаар...
SUPER.KG видео
08.02.2017. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуп кет балдарындын жакшылыгын кор,эчкимге бербе тел номерин жазып койгулачы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: