Орусиядагы элчилик: "Санкт-Петербургдагы жардыруудан улам каза болгондордун арасында Кыргыз жарандарынын бар-жогу такталууда"
Санкт-Петербургдагы жардыруудан улам каза болгондордун арасында Кыргыз жарандарынын бар-жогу такталууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда кырсык болгон жерге элчиликтин кызматкерлери чыгып кетишкен.
Айта кетсек, бүгүн Санкт-Петербург шаарындагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт" метролорунда жардыруу болгон. Айрым маалыматтар боюнча, кырсыктын кесепетинен кеминде 10 адам каза болгон. Ошондой эле 20га жакын адамдын жабыркаганы айтылууда.
1410 3-апрелдеги Санкт-Петербургдагы жардыруу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:20
2026-11-07
17:52
2026-11-06
17:48
2026-11-06
17:30
2026-11-06
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















эмне кереги бар бул жарылуунун.