Ак карлуу апрель (фоторепортаж)























Бүгүн, 6-апрель - жаз мезгили дээрлик жарымдап калганда айлананы ак кар каптады. "Бул жылы кыш узак болду, октябрда башталган ызгаар апрелге чейин созулду" дегендер көп.
Таң эрте терезени карап, айлана карга оролгонун көргөндөр зарыл жумушу жок болсо жылуу үйдө эле отургандыгы көчөдөгү тынчтыктан байкалат. Кыймыл азайып, тынчтык өкүм сүрүп турат. Жаңы гана бүчүр байлаган бактар, гүл ачууга даярданган гүлдөр суукта жардам сурагандай түр көрсөтөт. Анткени менен жаратылыштын баары, аба ырайы өзүнчө бир сулуулук. Назарыӊыздарга ак карлуу апрель айындагы сүрөттөрдү тартуулайбыз.
Ак карлуу апрель - кечиккен жаз
Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Айбек Алимов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
2

Жыргаганымдан Алматыда жургон жокмун. Мен да оз уйумдо,олон тошогумдо табигит сулуулугуна кубо болгум келет айла жок...
Жумуш орундары болсо мага окшогон мигранттар бааааааарыбыз оз жергебизде журмокпуз.