super.kg logo
  Саясат  

Александр Лукашенко: "Евразиялык экономикалык биримдиктин ичинде чечилбеген көйгөйлөр көп"

 

Евразиялык экономикалык биримдиктин ичинде чечилбеген көйгөйлөр көп. Мындай пикирди 14-апрелде Бишкекте өткөн Евразиялык экономикалык биримдиктин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынында Беларустун президенти Александр Лукашенко айтты.

Беларусь лидери 2016-жылы ЕАЭБдеги мамлекеттер товар жүгүртүүнүн төмөндөө себептерин жогото албаганын белгилеп, Альянстын 2017-жылдагы негизги иштеринин бири ушул экенин баса белгиледи. Ички рыноктогу тоскоолдуктарды жоюу боюнча Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматын угууну сунуштады.

Евразиялык экономикалык биримдиктин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйналышына Кыргыз мамлекети, Орусия, Беларусь, Армения, Казакстандын президенттери катышты. Отурумда дээрлик бардык маселелер боюнча пикирлер дал келгенин президент Алмазбек Атамбаев билдирди.






Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин отуруму өттү

Автор: Автандил Добулбеков
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: