Сабырбек Жумабеков бутун 31 сантиметрге узарткан Кыргыз жигиттин ысымы "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилет












Дүйнөдөгү эң таң калычтуу окуялар, эмгектер, адамдар, жандыктар, айтор, кызыктын баары камтылган "Гиннесстин рекорддор китебине" 21 жаштагы мекендешибиз Темирбек Бекбоевдин ысымы кирет. Анын оң буту 31 сантиметрге узартылып, бул көрсөткүч дүйнөгө рекорд койгонун SUPER.KG порталына Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борборунун жетекчиси, ортопед, медицина илимдеринин доктору, академик жана профессор Сабырбек Жумабеков билдирди.
Биз Темирбек менен жолугушуп, анын кош кубанычына күбө болдук.
- Темирбек, бутуңдун көйгөйү тубаса беле?
- Ооба, мен төрөлгөндө эле дарыгерлер "Оң жак жамбашынан баштап буту кыска болот. 18 жашка чейин күткүлө, бойдун өсүүсү токтогондо, эки буттун айырмачылыгы билинет", - дешкен экен. Үй-бүлөбүз менен менин 18ге толушумду абдан күттүк.
- 31 сантиметр кыска болгон бут менен күнүмдүк жашоодо көп кыйналсаң керек.
- Ооба, эл бар жерде өзүмдү-өзүм кемсинте берчүмүн. Элдер да карай беришчү. Көп бассам оң жамбашым ооручу, коомдук унааларга отурууда кыйналгандыктан бир жерден экинчи жерге баруу үчүн такси кызматтарын пайдаланчумун.
- Бир нече жолу операция жасалыптыр, бутуңдун узарышына ишеним бар беле?
- Ооба, 18ге толгондон кийин дароо Сабырбек Жумабековго келдик. Ченеп, бутумду текшерип көрүп узартабыз деди. Бутумду узартуу баскычтарга бөлүнүп отуруп 6 жолу операция жасалды. Адегенде санымды 10 сантиметрге узартты. Анда мага көп билинген жок, кайра эле мурдагыдай кыйналып жүрдүм, кийин кыр сөөгүм 21 сантиметрге узартылды. Буюрса, күздө балдаксыз басып калам. Ортопед мени "Көп бас, бутуңдун каруусуна күч толот", - деген. Чынында азыр бир топ өзгөрүүлөр бар, акыркы операция январь айында аяктаган. Ошондо бутумда такыр күч жок болчу.
- Азыр жашооңдо кандай өзгөрүүлөр болуп жатат?
- Мурдагыдан өзүмө ишенип калдым. Мектепти аяктаганда үй-бүлөбүз кеңешип, көп баспай турган кесип керек деп программисттик окууну тандаганбыз. Бул жылы программисттик кесипке даярдаган окуу жайды бүтүп жатам. Негизи өзүм менеджмент болгум келчи, эми каалаган кесипке кайра окуганга мүмкүнчүлүгүм бар.
- "Гиннесстин рекорддор китебине" кирериңди качан уктуң?
- Операцияга чейин бул тууралуу такыр билген эмесмин. Сабырбек Жумабеков Кувейттен келгенден кийин мени чакырып, бул жөнүндө айтты. Башында ишене албай эле жүргөм. Азыр эми бардык керектүү документтер жөнөтүлгөнү жатат. Кубанычтамын.
Ал эми Сабырбек Жумабеков "Гиннесстин рекорддор китебине" эмгегинин кирүүсү - Кыргыз жериндеги илимдин бар экендигин дүйнөгө билдирүү экенин айтты.
- Биз бутту узартуу боюнча жылына 100гө жакын операция жасайбыз. Буга чейин 16-17-18-25 сантиметрге чейин узартканбыз. Ошолордун баарынын натыйжасын китепче кылып түзүп, сүрөттөрү менен Кувейтте өткөн эл аралык ойлоп тапкычтардын сынагына барганбыз. Ошондо Темирбектин натыйжасын көрүшүп, "мындай дүйнөдө жок, "Гиннесстин рекорддор китебине" сунуштагыла", - деп калышты. Интернеттен карасам, чын эле андай жок, ишенимдүү түрдө эмгегимди жөнөттүм. Бир айдан кийин бизге сунушубузду кабыл алгандыгы тууралуу жооп келди. Азыр бүт керектүү материалдарды даярдап койдук, жөнөтсөк китепке катталабыз. Бул китепке ушунча операцияга чыдап, жакшылыктан үмүт үзбөгөн Темирбек автор катары катталат. Анткени операциялык процедуралардын баарын көтөргөн жана оң натыйжа берген - анын денеси. Биз өз жумушубузду аткарган себепчи гана болдук. Эң негизгиси биз дүйнөгө Кыргыз өлкөсүндөгү медицианалык илимдин дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлгөнүн далилдейбиз.
Жумабеков, сөөк ооруларын, сөөктөрдүн кыскалыгын, кыйшыктыгын жөнгө салган бир топ операцияларды жасаган. Бир жылдын ичинде бут түзөө боюнча эле 500 бейтапка операция жасалган. Мындай эмгектер адамдын өзүн-өзү кемсинтүүсүн жоюп, ооруну да жок кылат.
Сабырбек Жумабековдун эмгеги "Гиннестин рекорддор китебине" киргизилет





















1 |