Бишкектеги "Өлбөс полк" жүрүшүнүн катышуучулары Өчпөс отко келип гүл коюшту. Жүрүш соңуна чыкты (фото)































































Бишкекте 9-Май майрамына карата "Өлбөс полк" акциясы башталды. Иш-чара Түштүк магистралдан башталып, катышуучулар Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн көтөрүп "Жеңиш" аянтына чейин басып келишет. Ушундай эле акция өлкөнүн башка аймактарында да өтүп жатат.
10:20. Учурда жүрүшкө чыккандардын саны 20 миңге жакындады. Катышуучулар 500-600 метрге жакын аралыкты ээлеп, "Жеңиш" аянтын көздөй келе жатышат.
11:19. Жүрүштүн алды Ахунбаев көчөсүндө келе жатат. Алар "Кызыл Армияга өчпөс даңк!", "Ур-раа!" деген кыйкырык-сүрөөндөр менен ар топко бөлүнүп алып, майрамдын шаңы менен Жеңиш ырларын ырдашууда.
11:23. Жүрүшкө жолдо колдоруна сүрөттөрдү кармап күтүп турган адамдар да кошулушууда. Мунун негизинде улам барган сайын адамдардын саны өсүүдө. Тартипти милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатат. Жүрүштүн алды Скрябин көчөсүндө жетти, арты болсо 9-кичирайон тарапта келе жатат.
11:25. Жөө жүрүштүн артында унаалар менен автожүрүш да уюштурулууда. Үн күчөткүчтөр орнотулган унаалар элдин артынан ээрчип, Улуу Жеңиштин урматына арналган ырларды жаңыртууда. Элдин маанайы көтөрүңкү. Тартип бузгандар каттала элек.
11:48. "Өлбөс полктун" катышуучуларынын алды Киев көчөсүнө жетип калышты. Арты азырынча кайсы тарапта келе жатканына көз жетпейт. Аларды шаар тургундары кызуу колдоп жатышат. Жашоочулар терезелеринен желек жана ардагерлердин сүрөттөрү менен чыгып алышып, ырдап, кыйкырып колдошууда. "Өлбөс полк" жүрүшү Абдырахманов көчөсү аркылуу жүрүүдө. Ошондой эле Медеров көчөсүндө катышуучулар үчүн көчмө дааратканалар орнотулган.
12:05. Жүрүштүн катышуучулары учурда Абдрахманов-Бөкөмбаев көчөлөрүнүн кесилишине келип жетишти. Алардын саны болжол менен 20 миңден ашат. Жарандардын эки тарабы аскерлер менен курчалган. Азырынча аягы белгисиз, себеби адамдардын саны өтө көп. Аларды автожүрүш да коштоодо. Маршруттун көздөгөн чекити "Жеңиш" аянтына Өчпөс оттун жанына келип токтоо.
12:23. Жүрүштүн орто жери Чүй көчөсүндө. Алды негизги финишке жакындап калгандыгы маалым. Жүрүштүн катышуучулары салтанатты "Жеңиш" аянтынан улантышмакчы.
12:46. "Аталарга жеңиш үчүн таазим!" деп ураан чакырган "Өлбөс полктун" катышуучулары Фрунзе көчөсү аркылуу "Жеңиш" сейил багына жетип калышты. Алар "Жеңиш күнү", легендарлуу "Катюшаны" ырдап жүрүштү улантышууда. Арты азырынча жете элек.
13:00. Үч саатка созулган "Өлбөс полк" жүрүшү соңуна чыкты. Жүрүштүн катышуучулары Өчпөс отко келип аталарга таазим кылышып, гүл коюшту. Чоң аталарынын сүрөттөрүн колдоруна кармаган шаар тургундары жана коноктору тарай башташты.
кошулду
"Өлбөс полк" жүрүшү 9-май, 2017-ж.
Бишкектеги "Өлбөс полк" жүрүшү 9-май, 2017-ж.
Бишкектеги "Өлбөс полк" жүрүшү 9-май, 2017-ж. (2)
"Өлбөс полк" жүрүшү - 2017.
Бишкекте "Өлбөс полк" акциясы өттү
20 миңге жакын адам "Өлбөс полк" жүрүшүнө чыгышты







1 |