Новосибирск–Бишкек каттамындагы учакта бомба бар деген маалымат түшүп, жүргүнчүлөр эвакуацияланды
Бүгүн Новосибирск–Бишкек багыты боюнча учуп келген S7 Airlines авиакомпаниясынын учагында жардыруучу зат болушу мүмкүн экени тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учак саат 17:24тө “Манас” эл аралык аэропортуна штаттык режимде конгон. Анын бортунда 158 жүргүнчү болгон. Алардын баары аман-эсен, жабыркагандар жок.
Авиациялык коопсуздук талаптарына ылайык, учак жүргүнчүлөр терминалынан жана башка аба кемелеринен коопсуз аралыктагы өзүнчө жайга токтотулган.
Бардык жүргүнчүлөр учактан эвакуацияланган. Коопсуздук максатында алардын жүктөрү, кол баштыктары жана жеке буюмдары убактылуу учактын ичинде калтырылган.
Учурда кинология кызматынын адистери кызматтык иттердин жардамы менен учакты жардыруучу заттардын жана шектүү буюмдардын бар-жогуна текшерип жатышат.
Текшерүү аяктагандан кийин жүктөр жана кол баштыктар дагы кошумча текшерүүдөн өткөрүлөт. Коркунуч жок экени аныкталса, буюмдар ээлерине кайтарылат.
Аэропорттун бардык тиешелүү кызматтары жеринде иш алып барууда. Абал көзөмөлдө, текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















