Таласта дренаж курууда мыйзам бузган ишканага айып пул салынды
Талас шаарындагы Тагайбаев көчөсүндө курулуп жаткан жабык дренаж системин текшерүү учурунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүнү Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Талас аймактык башкармалыгы жүргүзгөн.
Анда курулуш иштеринде шаар куруу документтеринин, техникалык регламенттердин жана курулуш ченемдеринин талаптары сакталбаганы аныкталган.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Баткен көчмө механизацияланган отряды" мамлекеттик ишканасына 200 миң сом айып салынып, мыйзам бузууларды жоюу боюнча эскертүү берилди.
Белгилей кетсек, жабык дренаж системи жер астындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү максатында курулууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:44
2026-11-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















