super.kg logo

"Молдокелердин" мушташы эмне себептен чыкканы, кайсы айылдагы мечитте орун алганы белгилүү болду (фото)

 
(Мушташ тууралуу видеодон алынган сүрөт)

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүндөгү видеодо "молдокелердин" мушташы эмне себептен чыкканы, кайсы айылдагы мечитте орун алганы белгилүү болду.

Сокулук районунун имамы Икрам Рысбаевдин айтымында, окуя бир ай мурун Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылындагы мечитте орун алган. "Бул видео “якынчылар” менен болгон мушташта тартылган экен. Алар өз алдынча эл аралап даават жүргүзгөндөр. Мушташта да ошолорду мечитке уруксаты жок киргендиги үчүн сабашты болуш керек деп ойлойм. Уруш болгон мечит бизден каттоодон өтө элек. Бул мечитти 2016-жылы жеке ишкер өз каражатына салдырып, уламалар кеңешинин мүчөсү Махбур дегенди имам кылып дайындаптыр. Мен бир ай мурда айткам “мечиттин документтерин алып келип, бизден каттоодон өтүп койгула” деп, бирок ошондон бери келген жок”, - деди Рысбаев.

Дин таануучу Жамалиддин Хакназаровдун айтымында, бүгүнкү күндө Кыргыз жергесинде якын агымын тутунгандарга муфтият тарабынан тыюу салынган. "Якын деген сөз араб тилинен алынган. Мунун түшүндүрмөсү ичтен, жүрөктөн берилип ишенүү. Ислам дининдеги өз алдынча бөлүнгөн агым. Ал өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан бери пайда боло баштаган. Бул агым Индиядан пайда болгон. Алар ислам динине аша чаап ишенишет. Ошол эле учурда муфтиятка, алардын койгон талаптарына баш ийишпейт. Алардын түшүнүгүндө Мухаммед пайгамбардын доорундагы жашоодой жашаш керек. Алар техниканын жана технологиянын өнүгүшүн кабыл кылгылары келбейт. Демек, якынчылар даваатка атайын унаа менен чыгууну туура көрбөйт. Муфтияттын документ иштерине макул эмес", - дейт Хакназаров.

Айта кетсек, "Элдик видео" бөлүмүнө "Молдокелердин" мушташы" деген аталышта видео жүктөлгөн. Анда мусулманча кийинген сакалчан адамдардын башка сакалчандарды сөгүп сабап жатканын көрсө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(17)
15.05.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Ошондо эч кимдин күнөөсү жокпу, каттоодон өткөргөн эместигинер үчүн жооп бересиңер, Мечит салганга уруксатты мыйзамдын негизинде кылыш керек
15.05.2017. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Муфтий кандайча билбеди экен каякта болгонун? Бишкекте эле болуптур го!!! Балдарды жоноттум деп кочо адамдардай жоо кайтарып!!!
15.05.2017. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Djal1987,Муфтий эмне ар бир адамга жооп берүүгө милдеттүү бекен?!
Мен да мусулманмын мен да намаз окуйм 5 убак,эмне мен көчөдө бирөө менен мушташсам мага муфтий жоопкер бекен?!
Ойлонуп сүйлөш керек эптеп эле муфтийге динге асылганынарды токтотуп.
15.05.2017. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Er-jurok.,муфтий жооп бериш керек ар бир мечитте болгон ишке, билим берүү министри ар бир мектепте болгон ишке жооп берет
15.05.2017. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
dosym,канча деген мектептерде окуучулар мушташып пычакташып кээ бир мектептерде өлүм да болуп атат. Сен айтып жаткан билим берүү министиринин кайсы бирине жооп берди кандай чара колдонуп мушташтарды болтурбоо үчүн алдын алды кана айтчы?
15.05.2017. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Er-jurok., бул окуя мечитте орун алып жатат, ал эми мечиттер муфтияттын козомолундо болуусу керек.Мисалы бир мектептин короосунда 2 мектептин балдары урушту дейли, ошол уруштун келип чыгуу жана кесепеттери боюнча укук коргоо органдары менен билим беруу министрлигинин окулдору алектенет, тарбиячы мугалимдер, класс жетекчилер суракка алынат...Муфтият да ошол кадамга баруусу керек, Мечит "Кудайдын уйу" дейсинер да артынан урушканынар жакшыбы?
frunze12 түзөттү 2017-05-15 15:51:37
15.05.2017. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
frunze12,канча деген мектептерде окуучулар мушташып пычакташып кээ бир мектептерде өлүм да болуп атат. Сен айтып жаткан билим берүү министиринин кайсы бирине жооп берди кандай чара колдонуп мушташтарды болтурбоо үчүн алдын алды кана айтчы?
15.05.2017. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
muslim87,мектептин директору иштен алынат биринчи, сен билбейт окшойсун
15.05.2017. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чала молдо дин бузаар деген чын экен даааа
15.05.2017. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
dosym, Er-jurok., жеке айтышууларга жол берилбейт, ал үчүн купуя кат бар.
Эскертүү!
15.05.2017. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Молдо антти молдо мынтти дейсинер. Молдолордун жаны жок бекен. Алар да пенде алардын да жини бар,алар да адашуучу. Менин угушумча башка агымдагы "молдокелер" келип озунун дааватын кылып атканда ошол жердеги салттуу динди карманган адамдар сен динге башка нерселерди киргизбе деп сабаган ондонот. Чын тогунун бир Кудай билет. Анан муфтият комиссия тузуп тыкыр иликтеши керек. Кудайым баарыбызга бекем ыйман бекем хидаят анан сабырдуулук берсин.
15.05.2017. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уят таксырлар
15.05.2017. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
almanbetperm,сага да уят ошол жерде болуштуруп койбогонун. Кайра видеого тартасынг жашынып алып.
15.05.2017. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Комментарий вообще жазбай эле койуш керек болуп калды.ХХХ бердим жазгыла каалашынарча динди жамандап адамдарды болуп жазгыла болду мен чыктым.Жазганда пайда жок экен.Адамдар тушунбосо бекер
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-16 17:10:46
15.05.2017. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ар адам өзүнө жооп берет . Алар садиктеги адам эмес . Муфтият тью салган экен күч органдары алектениш керек. ХХХ динди жаман көрбөзбөгүлө
Модератор admin_portal түзөттү 2017-05-16 09:14:55
15.05.2017. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откондо сонку кабарга уч балалуу вагондо кыйналып жашаган уйбулого сакалчан молдо уй куруп евроремонт жасап,ачкычты колуна тапшырды.ХХХ 14 эле коментарий.А молдолордун жаман жагын коргондо жарышып теманы толтуруп салышкан жаман коменттер менен.Анткени биз адамдар жакшыны жашырып,жаман жар салганды жакшы коробуз.Жуз жакшылык кыл унутат,бир жолу жамандык кыл омур боюу эстеп отот
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-16 17:09:25
16.05.2017. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
meni_kut, провокация жаратып, колдонуучулар арасында талаш-тартыш пайда кылуудан алыс болуңуз. Эскертүү!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: