Текебаев сот жыйынына Алмазбек Атамбаевди чакырды
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 5-июнда депутат Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго ачылган кылмыш иши боюнча сот отуруму өтүүдө.
Жыйында Текебаевдин жактоочулары президент Алмазбек Атамбаевди сот жыйынына кошумча күбө катары чакырууга өтүнүч келтиришти. Өмүрбек Текебаев адвокаттардын сунушун колдой турганын билдирип: "Атамбаев да Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон. Экономика тармагын жетектеген, айрым маселелер боюнча анын пикирин угуу маанилүү", - деди.
Мамлекеттик айыптоочулар башка күбөлөр суралып бүтмөйүнчө президентти чакырууга негиз жоктугун билдиришти.
Соттук отурумга судья Айбек Эрнис уулу төрагалык кылууда.
1410 Өмүрбек Текебаев: "Укугум чектелип, темир тордо отурам"
1410 Өмүрбек Текебаев сот отурумун кыргыз тилинде өткөрүүнү талап кылды
1410 Ө.Текебаев сот отурумунда өз укуктары тууралуу сотко суроо салды
1410 Депутат Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун соту 05.06.17
1410 Депутат Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун соту 05.06.17 (2)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:02
2026-10-30
13:20
2026-10-30
Рейтинг:
19
19
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















