КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов: "Жылдыз Мусабекованын маселеси унутулбайт"






Бүгүн, 26-июнда SUPER.KG порталынын түз эфиринде саясатчы, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун маеги башталды. Эфирдин алып баруучулары Автандил Добулбеков жана Таттыбүбү Садырбекова.
15:08. Иса Өмүркулов студиябыздан орун алып, учурда Конституциялык мыйзамдар кабыл алынып жатканын кабарлап, бул мыйзамдар жазылгандай иштесе сөзсүз түрдө пайдасы бар экенин кошумчалады.
15:10. "Таза коом" форумуна Өмүрбек Бабанов менен барганыңыз маалым болду. Шайлоодо КСДПдан чыгып, аны колдошуңуз мүмкүнбү?
"Форумга жалгыз эле Бабанов экөөбүз эмес, бир топ партиянын лидерлери, депутаттар, комитет жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышкан. Лидерлер катары отурганбыз. Албетте, бир парламентте иштеп жаткандан кийин талкуулай турган маселелер көп. Партия деп эле бөлүнбөшүбүз керек. Алардын да программасы бар. Баарын тең пикир алмашып, көз чаптырып туруунун пайдасы эле бар. Бул ынтымакка алып келет. Мен КСДП партиясы түптөлгөндөн тарта мүчө болуп келе жатам. Баштан далай нерселер өттү. Эгемендүүлүк жылдары жасаган иштерибиз тууралуу элге маалым болсо керек. Азырынча ушул идеядан бөлөк жолго чыга элекмин".
15:15. "Президенттик шайлоодо административдик ресурс колдонулбайт" деп кепилдик бере аласызбы?
"Толугу менен ишендире албайм, болушу мүмкүн. Жетекчиликтен болот, өйдө жактан бирөө аларга буйрук бербейт деп ойлойм. Шайлоого ар кимдин пикири өзгөрдү. Административдик күчтү колдонуу бүгүнкү күндө бара-бара жоюлууда. Демократия, шайлоо таза болушу керек десек, эл өзү шайлашы керек. Кысым болуп, башка күчтөр аралаша турган болсо шайлоонун жыйынтыгына таасир бериши мүмкүн", - деди лидер.
15:18. Кош жарандуулукка кандай карайсыз?
"Биринчиден, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп, эгер башка мамлекет менен кош жарандуулук керек болсо ага барышыбыз керек. Ал эми экинчиден, өлкө ошого даярбы? Себеби алардын да жоопкерчиликтери болот. Алардын да өз жарандарына берилген жеңилдиктери, социалдык төлөмдөрү бар", - дейт Иса Өмүркулов.
Сирияга аскерлердин жөнөтүлүшү боюнча оюңуз?
"Менимче, ал жакка жөнөтүүнүн кажети жок. Бул имиш. Бүгүнкү саясатка мамлекет башчы жооп берет. Сүйлөшүүлөр болот болушу керек, кандай болсо да коомчулук ал жөнүндө билиши керек".
15:20. КСДПны эски социал-демократтар эмес, такыр башка адамдар башкарып жатканы айтылып жүрөт...
"Биздин саясий партия парламентте иштеп жатат. Биз шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке келдик. Президент, премьер-министр КСДПдан. Ар бир партия жаңыланышы керек, жаңы муун кошулушу керек. Биздин программа, идеология жага тургандарга эшигибиз ачык. "Партияны башкаргандар башка адамдар" деп айтуу туура эмес болот. Баары ачык болушу керек. Жаап-жашырына турган болсо ушундай суроолор пайда болуп калышы мүмкүн. Биринчи орун басардын ордун учурда Фарид Ниязов аткарып жатат", - деди Өмүркулов.
15:22. КСДП президенттикке Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтүп жатат. Партиянын ичинде аны колдобогондор бар деп жатышат. Ушундай болуп жатабы?
"Саясий кеңештин ушундай сунушу бар. 15-июлда чечилет. Ачык чыккан эч ким жок. Каршылык пикир уккан жокмун. Ар кимдин ичинде эмне бар экенин айтуу кыйын".
15:24. Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевдин камалышын туура деп ойлойсузбу?
"Садыр Жапаровдун эмне иши үчүн камалганы тууралуу маалыматым жок, кызыккан да жокмун. Менимче, Каптагаевдин губернатор болгон учурундагы Ысык-Көлдөгү тополоң боюнча болушу керек. Текебаевдики боюнча да маалыматым жок. Соттун чечими жок ал тууралуу айтуу эртерээк го. Текебаевди миллиондорду алды делип жатат. Далилдендиби, күнөөсү моюнуна коюлдубу билбейм. Соттук отурумдарын көрүп турам. Өмүрбек Текебаев менен Акаевдин мезгилинен бери чогуу күрөшүп келгенбиз. Зордук-зомбулукту башымдан өткөргөм, бирден камалып келдик.
2010-жылдагы окуядан бир топ адамдар мерт кеткен, банктык эсептер тонолгон, мародёрчулук болгон. Кимдин катыштыгы бар экенин айтуу үчүн соттун чечимин күтүп, угуш керек. Бирок сот бүткөнчө аларды күнөөлүү деп айтууга эрте. Мен мэр болуп иштеп турганда, ЖМКлар мени "коррупционер" деп айтып чыгышкан, азыр ушундай ой калыптанып калган. Сайттарга менин комментарийим жарыяланса, "коррупционер" деп жазып кетишет".
15:28. Бир кезде Курманбек Бакиевдин маалында сизге үстөмдүк болгон Текебаев болушту эле. Эмнеге калыс сөз айткан жоксуз?
"Расмий түрдө бул маселе боюнча Жогорку Кеңеште айткам, УКМКнын жетекчилигине да кайрылгам. Андай нерсени душманга да каалабайм, мыйзамсыз бирөөнү каралабаш керек, бирөөнүн убалына калбаш керек. Күнөөлөп жаткандар да жоопкерчилик алышы керек".
Кийинки бийлик сизди да "миллиондорду алды" деп камаса, унчукпай кете бересизби?
"Кантип миллиондорду албаган болсоң тиешең жок болсо унчукпай турасың?"
15:30. Чыныбай Турсунбеков партиянын атынан президенттик шайлоого ат салышабы?
"Азырынча расмий түрдө айта элек. Саясий кеңеште да айтылган эмес".
15:32. Ырчы Иса Өмүркуловду тааныйсызбы?
"Ооба, 12 жашынан бери тааныйм, кулагыма жакшы угулат. Таланттуу балдарды колдош керек, жолугуп турабыз, колдоо көрсөтүп турам".
Кыргыз эстрада ырчыларынан кимдин ырларын угасыз?
"Ырларды жакшы көрөм. Кайсы кыргыз ырдабайт? Ырлардын сапатына, сөздөрүнүн маанисине, музыкасына көңүл бурам. Бүгүнкү күндө жаш ырчылардын ырлары сапатсыз.Түгөлбай Казаков, Рыспай Абдыкадыровдун, азыркы ырчылардан Мирбек Атабековдун, Самара Каримованын, Гулжигит Калыковдун, "Non-Stop" тобунун ырларын угам. Азыр ырдоодон сүрдөп жатам, мүмкүн болсо бир ырдап берем".
15:35. Сиздин унааңыздын үлгүсү?
"Меники Toyota үлгүсүндөгү жол тандабас".
15:36. Иса Өмүркулов шаар тургундарынын видео аркылуу берилген суроолоруна жооп берип, Түгөлбай Казаковдун "Жамгыр төктү" ырын аткарып берди.
15:45. Журналистти сөккөн Жылдыз Мусабекованын жүрүм-турумун эмне үчүн фракция 2 айдан бери карабай жатат?
"Эфирге чыкпаганы жакшы болмок. Бул саясатчыга да, журналистке да авторитет алып келбейт. Биз мунун 2-жагын уктук. Ал жерде канчалык деңгээлде чындыгы бар экенин далилдешсин дейт. Журналист менимче, жаран катары сотко берсе болмок. Күч органы болбогонубуздан, коллегабызды жазалай албайт экенбиз. 2-3 жолу депутат фракцияга ооруп келбей калды. Маселе каралат, унутулбайт".
15:47. Өмүрбек Текебаевдин соттук отурумун сүрөткө, видеого тарттырбай жатат. Бийлик эмнеден коркуп жатат?
"Бул жерде бийлик буйрук берип жатабы же соттун чечими ушундай болуп жатабы ошону такташ керек. Сот адилеттүү болуп, объективдүү карашы керек да. Эгер соттолуучу адамдын күнөөсү далилденсе, кандай жаран болбосун моюнуна алат. Сот туура кылып жатабы, туура эмес кылып жатабы айтуу оор. Отурумду видео аркылуу көрсөтүп койсо деле айырмасы жок го".
15:50. Сиз алган жана берген эң баалуу белек?
"Эң негизгиси белек чын жүрөктөн болушу керек. Тойлордо мага суусар тебетей кийгизип, чепкен жаап, күлүк берип калышат. Баш кийим менен жылкыны эң кымбат белек деп эсептейм. Ал эми мен апама Япониядан жоолук алып келгеним эсимде, ал кезде андай жоолук жокко эсе болчу".
15:52. Президент менен акыркы жолу качан жолуктуңуз, эмне тууралуу сүйлөштүңүз?
"2-3 ай мурун жолукканбыз. Ар кандай мыйзамдар боюнча сүйлөшкөнбүз".
15:53. "Жогорку Кеңештин деңгээли түшүп кетти, бир кишинин эле көзүн карагандай" деген сындар айтылып жүрөт. Оппозицияга көрүнгөн кемчиликтерди бийлик да көрүшү үчүн эмне кылуу керек?
"Мурун бир мандаттуу округдан шайланып келсе, азыр партиянын тизмесинен келип жатабыз. Партиянын өзүнүн программасы бар, аны аткарууга баары бир багытта болушу керек. Сын-пикир айтуу керек. Парламенттин деңгээли түшүп кеткенин депутат болуп туруп айтпайт элем. Маселе кандай мыйзамдар каралып жатат. Демилгечи Өкмөт. Өкмөт киргизген мыйзамдардын сапатынын деңгээли төмөн болушу керек. Алар өзүлөрү сунуштайт, кабыл алган бизди сындашат".
15:55. Саясаттан кеткенден кийин эмне менен алектенесиз?
"Аябай жакшы суроо. Эс алат элем. Уюлдук телефонду албай, телевизор көрбөй... Маалыматтын да таасири бар, жөнөкөй сөз менен айтканда "байланган иттей" болуп жүрөсүң. Бул дагы билинбегени менен адамдын ден соолугуна терс таасирин берет. Ошол үчүн эс алат элем".
15:56. Саясатта мени "сатып" кетпейт деген досторуңуз барбы?
"Бар. Бирин атап, бирин атабай койсом таарынышат. "Саткандары" да бар, жок эмес. Алар да билишет кайсы учурда "сатышканын", бирок "сатпагандар" көп".
15:57. Асма көпүрөнү салууну убадалашкан. Качан салынат?
"Шаардын жолдорун оңдоо боюнча долбоор бар. Биринчи этабында 6-7 көпүрө салынып жатат. Адегенде жолдор оңдолсо, асма көпүрөлөр курулуп, жол тыгындар азаят".
15:59. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирди.
"Шайлоочулардын суроолору болсо, дагы жолугабыз. Жай келди, жакшылап эс алыңыздар. Жайкы кырсыктардан каникулга чыккан балдарды коргоону суранам. Мамлекетибизге стабилдүүлүктү каалайм. Суроолорго жооп берүүгө аракет кылдым", - деди Иса Өмүркулов.
16:00. Эфир аяктады.
кошулду
Иса Өмүркулов: Текебаевдин иши боюнча: "Душманыма дагы мындай нерсе каалабайм"

https://www.super.kg/mobile/kabar/news/192031/
Каралат имиш, эшектин куйругу жерге тийгенде каралат окшойт. Жакында каникулга тарашат, ушул бойдон...