Бишкекте эки мектеп окуучусун сүзүп кеткен Мирлан Ажибеков жатак абакка 8 жылга кесилди

Бүгүн, 19-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда эки мектеп окуучусун сүзүп кеткен Мирлан Ажибековдун иши боюнча соттук отурум өттү.
Күбө катары Наркологиялык улуттук борбордун кызматкери Анаркан Кабылбекова суралды.
"Күнөөлөнүп жаткан Ажибеков биздин борборго алынып келингенде эмоционалдуу абалда болгон. Ал мас болчу. Аралыктан спирт ичимдиги жыттанып турган эле. Ал бир бөтөлкө сыраны кырсык болгондон кийин ичкенин айткан. Анын канында спирт ичимдигинин курамы болгон. Эгерде адам 3 күн мурда ичкен болсо да канынын курамында спирт кала берет", - деп билдирди Кабылбекова.
"Кылмыш-жаза кодексинин негизинде угузулган айыбы туура көрсөтүлгөнүн белгилейм. Ал кырсыктан кийин спирт ичимдигин ичкенин айтууда. Соттон сын көз караш менен карап, мас абалында унаа айдаганын эске алып, аны 9 жылга эркинен ажыратып 3 жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратууну сурайм", - деди мамлекеттик айыптоочу.
Соттук отурумдун жүрүшүндө жабырлануучунун апасы соттолуучуну анын апасы үчүн кечирерин айтты.
Соттун чечими менен Мирлан Ажибеков жатак абакка 8 жылга кесилип, 3 жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратылды.
Соттолуучу жабырлануучулардын ата-энелеринен кечирим сурады. Ал эми Ажибековдун жактоочусу мамлекеттик айыптоочунун 9 жылдык жазасын өтөө боюнча өтүнүчүнө макул эместигин билдирди.
"Ажибековду эркинен ажыратуу калыстык болбой калат. Мөөнөтүн кыскартууну сунуш кылам. Ошол эле учурда анын жаштыгын, атасы көзү өтүп кеткенин эске алып шарттуу кесип берүүңүздү сурайм", - деди Мирлан Ажибековдун жактоочусу.
Айта кетсек, жол кырсыгы үстүбүздөгү жылдын 21-апрель күнү Бакаев менен Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа эки мектеп окуучусун сүзүп, айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. Ошол эле күнү шектүү катары 1988-жылы туулган Мирлан Ажибеков аттуу айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Эки баланы сүзгөн айдоочу 8 жылга жатак абакка кесилди


Албетте соттойт да.Анткени спирт ичимдигин ичип алып машина айдады,бул мыйзам бузуу баланын ата-энелерине тиешеси жок,алар кечирдим десе эле чыгарып салбайт да...