super.kg logo

Нарында өнөр жай паркын куруу чечими кабылданды... Өкмөт мүчөлөрү жыйын кылышты

 

Кечээ, 6-ноябрда Ынтымак ордодо Министрлер кабинетинин кезектеги отуруму болуп өттү.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттин жетекчилиги астында өлкөнүн экономикасы жогорку өсүү темпин сактап, жылдан жылга эл аралык аброюн бекемдеп жатканын айтып, 2025-жылы ички дүң продукция 11,1 пайызга, 2026-жылдын 9 айында 10,8 пайызга өскөнүн билдирген.

Статистикалык көрсөткүчтөр боюнча, өлкөгө 2025-жылы 1 миллирд 310,8 миллион доллар тикелей чет өлкөлүк инвестиция тартылса, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында бул көрсөткүч 709,9 миллион долларды түзгөн.

Отурумда ошондой эле чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана аймактарды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында "Бишкек", "Каракол", "Лейлек", "Маймак" жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" Министрлер кабинетинин токтомуна өзгөртүү киргизилген.

Мындан тышкары, Нарын облусунда энергияны көп керектеген төмөн көмүртектүү өндүрүштөрдүн өнөр жай паркын куруу жана эксплуатациялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында Министрлер кабинетинин тескемеси кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: