Жаңы төрөлгөн ымыркайдын дааратканага ташталышы боюнча кылмыш иши козголду

31-июлда түшкө жуук Бишкектин четиндеги Арча-Бешик конушундагы дааратканадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылгандыгы тууралуу кабарланган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгонун Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан 1-августта билдиришти.
"Факты катталган учурдан тартып ымыркайды төрөгөн аялды издөө иштери улантылып жатат", - деп билдиришти шаардык ички иштер башкармалыгынан.
Эске салсак, кечээ Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн бириндеги дааратканадан ымыркайдын ыйлаганы угулган. Үйдүн ээси жаңы төрөлгөн кызды ал жерден алып чыгып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп берген. Наристе Бишкектеги №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгы, анын абалы оор экендиги кабарланган.
Ажатканада төрөлгөн ымыркайдын энеси изделүүдө
Автор: Улукбек Кутманбаев
Оператор: Кайрат Сарбагышов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Акчасын таштаган адамды көрбөдүм!
Азаматтар алып келип буту колун кайрып, тууган туушкандарын шерменде кылып баш көтөргүс кылгыла. Мыйзам деген аял байкушка эле иштейт да!!!
Кайда жүрөт ошол баланы пайда кылган ЭРКЕК ата сөрөй!!
Эмне алардын жоопкерчилиги жокпу? Көкүрөк сүтү БУЛАК болуп агып, зыркырап ыйлап бир жерде жаткандыр. Сойку болсо да энелик жүрөк, сезим деген бар. Эмнеге коомдо ташталган балдардын баарына аял гана күнөөлүү? эмне эркектерге бол