Бишкек-Ош жолунда Хонда Степвагондун катышуусундагы кырсык кайталанып, 3 адам каза болду




Жалал-Абад облусунда оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, 3 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 8-августка караган түнү саат 01:10 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 487-чакырымында болгон. Анда оор жүк ташуучу унаа менен Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.
"Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын ичиндеги 3 адам каза болуп, 4 адам Шамалды-Сай шаарындагы ооруканага жеткирилген. Күйүүчү май ташыган унаадан бензин агып, кооптуу абал жаралгандыгына байланыштуу милиция кызматкерлери жол кырсыгы катталган жерди курчоого алып турушкан", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.
Айта кетсек, 20-июль күнү Бишкек-Ош унаа жолунда кырсык катталып, 8 адам каза болгон. Анда оор жүк ташуучу унаа менен Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.



Тигине таксисттер Торобаевге рахмат айтып жатышат, он рулдуу унааларда жургунчу ташууга тыю салган мыйзамды 2020-жылга чейин узартууну демилгелеп откоруп берди деп... Ошол Торобаев канчалаган адамдардын олумуно куноолуу экенин билбейт бекен?!! Артында тузук иши жок, президент болом дейт. Кырсыктын копчулугу он рулдуу унаалардын айынан болгонун кантип танасынар?!
Кундузу жолго чыкканда аракет кылып .жетер жериме жетип шашып кезеке туруп бир кундо кайра Бишкекке келип калганга жанталашып кетишет таксистер акча акча ...
Эх өкунучтуу!!!