Ош ШИИБи башы кесилген аялдын өлүмү боюнча окуянын чоо-жайын айтып берди (хронология)





Ушул жылдын 27-август күнү эртең менен Ош шаарынын Курманжан датка кичи районундагы таштанды таштоочу урнадан башы кесилген, белгисиз аялдын жансыз денеси табылган. Ош ШИИБинин кызматкерлери өзгөчө оор кылмыштын бетин эки суткада ачышты.
Ош ШИИБинин маалыматына караганда, маркум 1966-жылы туулган А.Жумагүл. Ал Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айылынын тургуну. Үй-бүлөсү менен Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы үйүндө жашап турган.
"Кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган Умсанай (маркумдун келини) жана анын 1980-жылы туулган бир тууган эжеси Гүлнара кармалды. Алар кылган иштерин толук моюндарына алышты. Алгачкы тергөө көрсөткөндөй оор кылмышка баруунун себеби үй-бүлөсүн сактап калуу болгон. Шектүүнүн айтымында, маркум "сен балама татыксызсың, сени ажыраштырам" деп айта берчү. Азыркы тапта кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти", - деп билдиришти Ош ШИИБинен.
Кылмышка шектүү Гүлнара өз көрсөтмөсүндө буларды айткан.
"26-август күнү эртең менен болчу. Үйдүн коңгуроосу катуу басылганынан жиним келип чыксам сиңдим келиптир. "Эмне болду?" десем "кайненемди өлтүрүп алдым" деди. Мен ишенген жокмун. Анан экөөбүз үйүнө бардык. Барсам аялдын жансыз денесинин үстүнө төшөк жаап коюптур. Мен эмне кылышты билбей калдым. Колумда балам бар эле", - деп көрсөтмө берген.
Окуянын хронологиясына токтолсок:
26-август саат 07:00. Келиндин күйөөсү жумушка кеткен соң маркум уул-келинин ажыраштыруу маселесин козгоп, келинине оор сөздөрдү айткан. Андан соң өзү жаткан бөлмөгө кирип, уктап кеткен.
26-август саат 09:00. Келини ачууга алдырып, сырттан алып келген таш менен кайненесин башка бир нече жолу урган. Анын өлүп калганы билинген соң өзүнүн бир тууган эжесинин үйүнө барып кайненесин өлтүрүп алганын айткан.
26-август саат 10:00. Эжеси экөөлөп маркумду үйүндөгү буюмдарга орошуп, чоң сумкага салышкан. Андан соң Анар кичи районундагы эжесинин үйүнө алып барып, балконго чыгарып коюшкан.
26-август саат 14:00. Эжеси экөө кеңешип, аялды жиликтөө чечимине келишкен. Умсанай борбордук базардан чоң сумка жана жаңы курчутулган бычак сатып келген. Эжеси өзүнүн жана сиңдисинин балдарын сыртка алаксытып алып чыгып кетет. Ошол учурда келини маркумдун башын кесип, бөлөк полиэтилен баштыкка салган. Буттарын дагы кесип ажыратууга аракет жасаган, бирок кыла алган эмес. Балдарды сыртка таштап келген эжеси экөөлөп үй буюмдарына (анын ичинде улуттук көшөгө дагы бар) ороп, чоң баштыкка салып, түн киргенге чейин балконго чыгарып коюшкан. Кеч киргенге чейин экөө тең өз үйлөрүндөгү кандын тактарын жууп, тазалап коюшкан жана өзүлөрүнүн күнүмдүк тиричиликтери менен алектенишкен.
26-август саат 21:30-22:00. Эжесинин үйүнөн балкондогу жансыз денени Умсунай көк түстөгү автоунаага салып, Ош шаарынын Курманжан датка кичи районундагы таштанды таштоочу урнага салып келген. Сөөктү унаадан түшүрүп таштандыга салууга ошол жердеги жарандардан жардам сураган. Алар баштыкта өлүк бар экендигине шектенбестен келинге жардам беришкен. Ал эми маркумдун башын эжеси Гүлнара өз алдынча Ош шаарынын К.Маркс мектебинин жанындагы таштанды салуучу урнага таштаган.
Азыркы тапта маркумдун башы табыла элек. Анткени 27-август күнү "Тазалык" ишканасы таштандыларды тазалап кетишкен.
Маалымат катары айта кетсек, кылмышка шектүү аялдын бир уул, бир кызы бар. Ал эми кылмышка шектүү катары өтүп жаткан анын эжеси Гүлнаранын дагы үй-бүлөсү бар.
Кайненесинин башын кесип, таштандыга ыргыткан деп келини шектелүүдө



Айттым эле го,каждый получает по заслугам деп...
Именно кайненелер,бир аз сыйынар менен болсонор жакшы болмок,уулун ошону аял кылып алдыбы,эмне кереги бар тенин эмес,ажыраштырам деп басынтып суйлоштун ыя???Это его выбор!!!Бироону кемсинтип суйлосон даже админ БАН кылып атпайбы?!?!?!
Ар кимин кыйын болуп же асмандан тушкондой болуп Кудайлабай тилинерди бир аз,коп эмес аял заты-бир аааз эле тарта жургулочу...
Кайненеда нормальный сый корбогонунон айтат ошол созду тушундунбу?
баласын тааныйт элем
Вот именно,киришпегиле!!!Жакшыбы,жаманбы баланар жашап атпайбы ошол жаман менен!!!Апанарга жакканы менен жашаш керекби же озуно жакканы мененби???
Ушунчасы жазыптыр,жаман кыздар эле деп,бироону жаман деерден мурда оздорун бир "кузгудон" карап алышса,асмандан тушконсубой!!!
Пайгамбар сахабалары менен баратып,эки мурзону коруп,ошолорго хурма дарагынын чырпыгын сайган,себеби эмне деп суоаган сахабаларга ;"ушул кабрдагы эки адам аябай катуу гор азабын тартып атат,жок дегенде хурма дарагы соолуганча азабын женилдет деп Алладан сурадым...Булардын куноосу чон эмес,болгону бири адамдарды тигиндей эле,мындай эле деп ушактайт эле,экинчиси заара кылса сийдигинен сактанбайт эле,жарты тамчы бир ьамчы денесине,же кийимине чачырап калчы эле деген экен...Так
Менин айылдаштарым болот мышыгына чейин билем еще Ошто Навоиде бир подъезде жашагам
Вай мадалессссс)))Мен го ажылдасам ажылдаптырмын,сен эмне ажылдайсын???))))
Мышыгынын аты ким?Кандай тустогу мышык?Нан жейби же только колбасабы???
Бироону жаман адам деп айтаардан мурда озунду биииир кущгудон карап алганды уйронуп алсан,эн жакшы сапат ушул)))
Бир алаканды канча силксен да шак эткен ун чыкпайт!!!Эки алаканынды бирине бирин чапсан гана шакылдайт!!!!!Олгон аял дагы жон олбоду да,бар да бир нерсеси!!!
Жеткирди да беркини,быдылданып,каргап шилеп атып!!!
Эми кудай сакта ажыратам десе же ажылдай берсе Эле башын кэсе бериш керекпи? Мен койду де торкто сойуп атса карап тура албай козум корбогон жака басып кетем, тоба кылдым негизи кудай адам затына нысап бересин
Бирок, бирок дегим келет да кээ бир кайненелер чектен ашат да, рас баланы кызганасынбы анда уйлобо кучактап жат, келин да бироонун чырактай кызы да, анын да козун караган атасы, акелери бар.Анан эле алып алышып кулдай коргон кайын журттар бар арабызда. Кыргызстанда копчулук келиндер личность катары жок болуп кетишкен, бир кул катары кун коргондор коп.