Өмүрбек Бабанов шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат берүүдө



Бүгүн, 16-октябрда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат берүүдө. Анда ал өлкөдө биринчи жолу чоң атаандаштыкта шайлоо өткөнүн, бирок бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлбөгөнүн айтты. Ошондой эле журналисттер тарабынан берилген суроолорго жооп берүүдө.
Айта кетсек, 15-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо өткөн. Алдын ала жыйынтык боюнча, бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбеков шайлоого катышкандардын 50 пайыздан көбүнүн добушун алды. Ал эми Өмүрбек Бабанов шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгынын добушуна ээ болгон.
Өмүрбек Бабанов: "Адам күйгөн сайын курч болот. Биз бекем болдук"
Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
2

