super.kg logo

Чүйдө эки аялдын өлүмүнө шектелгендердин бири таэквондо боюнча Дүйнө чемпиону болгон. Атасы уулунун күнөөсүз экенин айтууда

 

Чүйдө эки аялдын өлүмүнө шектелип кармалган 6 адамдын бири 23 жаштагы Владислав К. таэквондо боюнча өспүрүмдөр арасында Дүйнө чемпиону болгон. Бул тууралуу Кыргыз мамлекетиндеги Таэквондо федерациясынын президенти Виталий Олейниченко бүгүн, 5-январда SUPER.KG'ге билдирди.

Анын айтымында, Владислав К. 2010-жылдан бери спорт менен машыгып, ар дайым түз жолдо жүргөн.

"Ооба, бул бала биздин спортчу болгон. 2010-жылдан бери бизде машыгып келет. 2015-жылы Италияда таэквондо боюнча өспүрүмдөр арасында өткөн мелдеште Дүйнө чемпиону болгон. Бир жылдан кийин Германияда күмүш медалга ээ болгон. Ал 7 жыл менин көз алдымда жүрдү. Эч кандай жаман жолго барган эмес, түз жүрчү, машыгууга такай келип турган", - деди Олейниченко.

Владиславдын атасы Павел Владислав уулунун кылмыш ишине катыштыгы жок экендигин билдирүүдө.

Анын айтымында, кылмыш иши катталган учурда уулу Москва районунда эмес, Бишкек шаарында болгон. "Жаңы жылдык майрамды белгилөө үчүн уулум ошол учурда достору менен бирге Бишкекте болгон. Москва районуна барган эмес. Муну 50дөй адам далилдеп бере алат", - деди Павел Владислав.

Белгилей кетсек, 31-декабрдан 1-январга караган түнү белгисиз адамдар Москва районундагы үйлөрдүн бирине кирип барып, үй ээсинин өзүнө, апасына жана келинчегине ок чыгарышкан. Алган жаракатынан улам апасы менен келинчеги окуя болгон жерден каза болгон, өзү оор абалда ооруканага жаткырылган. Кылмыш ишине шектүү катары алгач 3 адам, андан кийин дагы 3 адам кармалган. Факты боюнча кылмыш иши ачылып, кармалгандар убактылуу кармоочу жайына камакка алынышкан.






"3 айлык наристеге курал такап, акча бербесең атып салам дептир" дейт маркумдардын кошунасы

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
05.01.2018. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атасы бари бир баласына куйот да.
05.01.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
анан кандайча илээшип калды экен шектуу болуп
05.01.2018. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атасы албетте куноосуз деп баласын актайт да, куноолору далилденсе мындай адам омурун кыйган акмактарды сразу атууга кетириш керек!
05.01.2018. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш атасы да куйполоктоп журот да,бала балалык кылып ошол куну башкалардыфн тилине киргендир.Кылмышты кылса кылгандыр.
05.01.2018. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дуйно эмес мага демектен 9 планетанын чемпиону болсо да жазасфн алыш керек
05.01.2018. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саяк жургон таяк жейттен болуптурда...кудай билет куноосу барбы жокпу,сотторго ишениш жок
05.01.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жон эле карбабаса керек.Атасы чогуу журбосо керек баласы менен ишеничтуу айтыптырго акча учун адам олтуруп атышпайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: