super.kg logo

Анжелика Бекболиева: "5 жыл мурун тартылган сүрөт менен каралоо бирөөнүн буюртмасы экени көрүнүп турат"

 

Ырчы Анжелика Бекболиева кайрадан элдин көңүл чордонунда. Тактап айтканда, буга чейин устаты Айчүрөк Иманалиева менен болгон кайым айтышуусу бир топ талкуу жаратса, эми Инстаграм социалдык тармагындагы "сырдуу" баракчада пайда болгон ал тууралуу маалыматтар интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкууланып жаткан учуру.

Тактап айтканда, аталган тармактан белгисиз бирөө "Анжелика Бекболиеванын сүйүктүүлөрү" деген баракча ачып, анда ырчынын "сүйгөнү" делген Марат аттуу адамдын жана анын үй-бүлөсүнүн сүрөттөрүн жүктөп, ырчыны башка эркектердин үй-бүлөсүн бузуп жүргөндүгү боюнча айыптаган.

"Анжелика Бекболиева бир топ адамдардын үй-бүлөсүн бузганы чындык. Сүрөттөгү адамдын аты Марат. Ал да ырчы үчүн үй-бүлөсүн, балдарын таштап кеткен. Марат Жаңы жылды балдары менен тоскондун ордуна Анжелика менен Бали аралына кетип калды", - деген билдирүү калтырган. Андан сырткары дагы бир топ адамдардын аты-жөнүн жазып, аларды ырчынын "сүйүктүүлөрү" деп атаган.

Сөз болуп жаткан Марат аттуу адамдын расмий аялы жана балдары деп төмөнкү сүрөт жүктөлүүдө.

Сөз болуп жаткан Марат аттуу адамдын расмий аялы жана балдары деп ушул сүрөттөр жүктөлүүдө

Ал эми Анжелика Бекболиева өзү бул тууралуу SUPER.KG порталына төмөнкүдөй жооп берди.

"Биринчиден, каралап жаткан адам ким экенин тактап, андан соң факт менен маалымат таратуу керек. Экинчиден, бул бирөөнүн буюртмасы экени даана көрүнүп турат. Бул 5 жыл мурунку расмий гонорар тапшыруу учурунда тартылган сүрөт. Менден башка толтура ырчыларда да дал ушундай сүрөттөр бар. Жомокчулар жомогун айта берсин. Мен башкаларды бактылуу кылууга аракет көрүп жүрөм", - дейт ырчы.






Ырчы Анжелика кайра элдин көңүл чордонунда

Автор: Нургазы Аматов
Оператор: Кайрат Сарбагышев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(88)
08.01.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Дагы башталдыбы чыр
08.01.2018. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Анжеликаны көрө албагандар ичиңер күйүп атса туз жалагыла. Минус баскыла кичине көңүлүңөр көтөрүлсүн
Adiletia түзөттү 2018-01-08 18:29:31
08.01.2018. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Уялсаңар боло каралагандан Анжелика жапжаш болуп туратко, мурунку сүрөт
Adiletia түзөттү 2018-01-08 19:15:39
10.01.2018. 05:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Adiletia, Кызык экенсин суроттун эч тиешеси жок , ал эски болсо да, азыркы учурда мамиле болуп атпайбы, кантип эле экоо бирге жургон суротун чыгарып койушсун.
08.01.2018. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
ХХХХ анжелика онолбойт экенсинба, ошого айтатта "айдоочуну куйоом дебе, артисканы аялым дебе" деп. Тажатты ушул пиаршица((((.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-01-08 16:57:47
08.01.2018. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чын журоктон бары биир
08.01.2018. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Шамал болбосо Чоптун башы кыймылдабайт.
Эгер Ажелика Суттой ак болгондо мындай ойлор чыкмак эмес болуш керек деп ойлойм
08.01.2018. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Куйосу менен чогу жашап жатса кантип эле жаны жылда башка менен болсун окшото беришет экенда
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: