Кош бойлуулуктун 9-айында кайыр сурап отурган келин: "Жашоомдун оордугунан бир нече жолу өмүрүмө кол салгам"

Бишкекте кош бойлуулуктун 9-айында кайыр сурап отурган Айжамал Казыева кечээ, 15-февралда көз жарып кыздуу болду. Ал буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районунда жашаган. Күйөөсү 10 жаштагы кызы менен кошо таштап кеткен соң, борборго келип талаа жумуштарында иштеп жүргөн. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына айтып берди.
"Өзүм 19 жашымда турмушка чыккам. Буга чейин 4 балам чарчап калган. Учурда 10 жаштагы кызым бар, жолдошум бизди таштап кеткен. Азыр анын кайсы жакта экенин эч ким билбейт. Оор турмуштун айынан шаарга келип, батирге чыккам. Төрөткө, тамак-ашка деп чогулткан акчамды үйүмө каракчылар кирип, бычак менен коркутуп уурдап кетишкен. Эч нерсеси жок калганда мечитке келип кайыр сурап, 150 сом чогулткам. Андан соң жер алдындагы адамдар өтүүчү жайга келип кайыр сурап баштагам", - дейт ал.
Тагдырдын оор сыноосуна кабылган Казыевага апасынан башка эч ким жардам бербейт. Ал жетишпеген турмуштан улам бир нече жолу өзүн-өзү өлтүргөнгө аракет кылганын айтты.
"Балким, атам тирүү болгондо мындай кыйын күндөрдү баштан кечирбесем керек. Менин 7 эжем, 2 агам бар, алар менин аталаш бир туугандарым, апабыз башка. Алардан эч кандай жардам жок, үмүттөнүп күтпөйм деле. Атамдын каза болгону, наристелеримдин чарчап калганы мен үчүн оор сокку болду. Бир канча жолу өзүмдү өлтүргөнгө аракет кылып уксус ичип, асынып алганга аракет кылгам. Бирок убакыт өткөн соң кызым жана апам үчүн жашаш керек экенимди түшүндүм", - дейт Казыева.
Айжамал Казыева учурда төрөт үйүндө, эне-баланын абалы жакшы. Бирок ал төрөт үйүнөн чыккандан кийин каякка бара турганын азырынча билбейт. Жардамга муктаж келинге жардам бергиси келген кайрымдуу жарандар анын 0772 731 394 телефон номери аркылуу байланышка чыга алышат.
кошулду
12 бир тууганы туруп бара турган жайы жок, кайыр сураган эне көз жарды



мен да памперс балага кийим кече берейин кайдан алып барам.
кайсы торотканада
буюрса айлык алсам номерине байланышка чыгып мен да жардам берем иншаллах.
жанагы биздин челейген 120 малыбыз ушундайларга жардам корсотсо жакшы болмок.
бирок ал малдардан жардам эмес,жакшылык кутпой калдык го