Интернетке Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын атынан күрөшүп жүргөн видео жарыяланды
Интернетке Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын атынан күрөшүп жүргөн видео жарыяланды. Видео 2003-жылы тартылган. Социалдык түйүндөрдө 2001-2004-жылдары Дамирбек Асылбек уулу эл аралык мелдештерге Казакстандын атынан чыгып жүргөнү талкууланууда.
Бүгүн, 22-февралда Тышкы иштер министрлиги Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын да жараны экенин тастыктады.
Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.
Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда 2 айга камакка алынды.
Күрөш. Асылбек уулу Дамирбек - В.Малютин беттеши. Смайлов турнири 2003-ж.
Казакстанда кармалган Кыргыз депутатынын кош жарандыгы ачыкталды


Биздин өлкө эмнеге өнүкпөйт эмнеге улуттун кызыкчылыктары корголбойт, дайыма бирөөлөрдүн кызыкчылыктары мн иш жасашат десе көрсө ушуга окшогондор олтурат турбайбы .Ким кепилдик бере алат , балким башка өлкөнүн кызыкчылыгын көздөгөн саткын болбоштугуна?