super.kg logo
  Саясат  

Атамбаев: "Эгер менин кайсы бир күнөөм болсо, мени атып жиберсин"

 

Бүгүн, 31-мартта КСДПнын курултайынан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берди. Атамбаев сот реформасы тууралуу айтып, аны ишке ашыруу азыркы президенттен көз каранды болгонун белгиледи.

"Өзүнүн жумушу үчүн өкмөт да, парламент да жооптуу болууга тийиш. Атайылап президентке жалган маалыматтар берилгенде, Сооронбай Шарипович аны окуп жатса, мен документтерди деле көрсөтүшүмө туура келет. Коопсуздук кеңешинде сот реформасын ишке ашыруу созулуп жатканы айтылды.

Сот реформасына биз биринчи каржылоочу булакты таптык. Мен иштеген беш жылда сот системине 5 эсе көп каражат берилди. Дүйнөдө бир да өлкөдө мындай болгон эмес. Реформанын жыйынтыктоочу этабы, жаңы 7 кодекстин ишке киришине байланыштуу болчу. Анда "же айып төлө же 20 жыл түрмөдө отур" деген коррупциялык мыйзамдарга өзгөртүү киргизилмек. Анткени бардык кылмышкерлер 20 жыл түрмөдө отургандан көрө айып төлөгөндү туура көрөт. Бул кодекстер бул жылы 1-январда күчүнө кирмек. Бирок Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөттүн суранычы менен бул реформаны ишке ашыруу бир жылга созулган. Муну Атамбаевге шылтабай ачык айтыш керек. Мурдагы өкмөт башчы, азыркы президент өзүнүн жасаган иштерин унутпашы керек. Эгер менин кайсы бир күнөөм болсо, мени атып жиберсин. Бирок адамдарга бурмаланган маалымат берүү туура болбойт", - деди Атамбаев.

Ал өз сөздөрүнүн чындыгын айтып, колундагы документтерди көрсөттү.






Атамбаев: "Эгер менин кайсы бир күнөөм болсо, мени атып жиберсин"

Алмазбек Атамбаев ЖЭБ авариясына Жээнбековдун өкмөтү жоопкер экенин айтты

Автор: Мунарбек Жоргомов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -14 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: