super.kg logo

"Бишкекте маршруттук унаалардын эскертүүсүз жүрбөй калышына нааразымын" дейт тургун

 

Бүгүн, 2-апрелде таңдан тартып эле Бишкектин жашоочулары маршруттук таксилердин жүрбөй калганына кабылды. Азыркы тапта жол тыгындары жаралып, аялдамада дарегине жете албай жаткан адамдын саны көбөйдү. Абдырахманов-Киев көчөлөрүндө унаалардын тыгыны, башаламандык жаралган. Андагы тургундардын бири өзүн Жекшекан Асаева деп тааныштырып, төмөнкүлөргө токтолду.

"Мен бүгүн жумушка барайын деп чыгып эле маршруттук таксини бир саат күттүм. Келген жок, жумуштан кечиктим. Эч кандай эскертүүсүз мындай абалдын жаралганына нааразымын. Эгер тиешелүү тараптар эскерткенбиз дей турган болсо да ишенбейм, жеке мен бул тууралуу эч нерсе уккан эмесмин", - деди ал.

Абдырахманов көчөсүнөн жалаң жеңил унаалар менен автобус, троллейбустарды көрүүгө болот.

"Эртең менен интернеттен маршруттук таксилер жок болуп жатканын окуп дароо эле таксиге отурдум. 50 мүнөткө жеткен жерге жол тыгынынан улам 3 саатта келдим. Мурда бул аралыкка 10 сом менен келсем, бүгүн такси менен келип 10 эседен көп акча короттум", - деди Нурайым аттуу тургун.

Ал эми таксист болуп иштеген Алмаз аттуу жаран учурда 2-кардарын ташып бара жатканын айтты. Ал: "Мен кечээ маршруттук унаалар жүрбөй турганын уккам, бирок 1-апрелде тамаша го деп олуттуу кабыл алган эмесмин. Такси кызматынын баасын кымбаттатып жатабыз, жол тыгын, күйүүчү май көп кетет", - деди ал.






Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары иш ташташты

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
02.04.2018. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура эле кылды!!! маршрутканын барына да кошулам жогуна да кошулам.
02.04.2018. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Маршруттарга 10сом бергенинерди милдет кылып туура эмес жерден тушом дейсинер, анан токтобосо эшигин катуу жаап суйлоносунор эми ошонун азабын бугун тартып жатыпсынарда. Маршруттар тыгын жаратат, толтуруп киши салат деп эле арыздана бербей алар да уй було багат, запчас алат деп эч ким айтпайт.
02.04.2018. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Анда врачтар да иш таштасын. Оклад 5000 сом. Талаптар чоң, күндө текшерүү, тынымсыз комиссия келет. Анан да агрессивдүү оорулар, алардын туугандары.
Оңой жумуш жок, иштеш керек.
SUPER.KG видео
02.04.2018. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ушул маршуртка журбой калса деле жакшы болмок. Автобус и троллейбус журсо ордуна жакшы болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: