super.kg logo

Кожомкулдагы өрттөн жабыркаган мектепке 3 миллион сом берилди (видео)

 

Бүгүн, 13-ноябрда Кожомкул айылындагы өрттөн жабыркаган мектепке 3 миллион сомго жакын камсыздандыруу төлөмү берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасы Элдияр Калдарбеков билдирди.

"Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы катары бизде бардык мамлекеттик объекттер, анын ичинде мектептер да камсыздандырылган. Бул мектеп өткөн жылы камсыздандырылып, 26 миң сомго жакын төлөм төлөгөн. Бүгүн болсо өрттөн кийин мектепти кайра калыбына келтирип, оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн 3 миллион сомго жакын каражат төлөп жатабыз",- деди ал.

Эске салсак, өрт 29-октябрда мектептин экинчи кабатындагы бөлмөлөрдүн биринде электр жылыткыч батареясынын жарылуусунан чыккан. Окуучулар эвакуацияланып, жабыркагандар болгон эмес.






Кожомкулдагы өрттөн жабыркаган мектепке 3 миллион сом төлөмү берилди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: