Кубат Жуматаев атындагы мектептин 50 жылдыгы белгиленип, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары тууралуу тарыхый документтер тапшырылат
Эртең, 14-ноябрда Чүй облусунун Панфилов районунда Кубат Жуматаев атындагы Эркин-Сай орто мектебинин 50 жылдык мааракеси белгиленет. Мааракенин башкы окуяларынын бири - окуу жай атын алып жүргөн Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Кубат Жуматаевдин тагдыры тууралуу тарыхый документтерди мектеп музейине тапшыруу болот. Ошондой эле "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюмунун колдоосу менен "Жеңиш 9/4" эл аралык патриоттук кыймылынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Грозный шаарын коргоодо курман болгон 30 кыргызстандык жоокер тууралуу материалдар өткөрүлүп берилет.
Иш-чарага Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун, чечен диаспорасынын, ардагерлер уюмдарынын, коомдук фонддордун жана музейлердин өкүлдөрү, ошондой эле мектептин мугалимдери, окуучулары жана бүтүрүүчүлөрү катышат.
"Мен кайтып келдим, апа" жана "Акыркы чек" долбоорлорунун алкагында жүргүзүлгөн тарыхый-издөө иштеринин жыйынтыктарына өзгөчө көңүл бурулат.
Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун өкүлү Марат Кутанов Кубат Жуматаев тууралуу тарыхый материалдарды, анын ичинде баатырдын курман болгон жери, акыркы салгылашуунун жагдайлары жана тагдыры жөнүндө маалымат берет. Топтолгон документтер мектеп музейине салтанаттуу түрдө тапшырылат.
Дагы бир маанилүү окуя, Грозныйды коргоодо курман болгон кыргызстандык 30 жоокер тууралуу материалдарды өткөрүп берүү болуп саналат. Алардын ысымдарын Чечен Республикасынын изилдөөчүлөрүнүн издөө иштеринин аркасында тактоого мүмкүн болгон.
Биргелешкен иштин жыйынтыктары тууралуу Кыргызстандагы чечен диаспорасынын өкүлү, Кыргызстан элинин ассамблеясынын жетекчисинин орун басары Узбек Алиев айтып берет.
Мааракелик иш-чараларга Бишкек шаарынын согуш, Куралдуу Күчтөр, укук коргоо органдарынын ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери кеңешинин төрагасы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев, Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаев атындагы коомдук фонддун, Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев атындагы музейдин жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү да катышат.
Маалымат үчүн: "Жеңиш 9/45" - Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу тарыхый эс-тутумду сактоо жана чындыкты коргоо долбоору. 2025-2026-жылдары бул кыймыл 17 өлкөдөн 1,1 миллион адамды бириктирди.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















