Иш таштаган маршруттук унаанын айдоочулары: "Укугубузду коргогон эч ким жок, мындан ашык чыдай албайбыз"

















Бүгүн, 2-апрелде Бишкек шаарындагы маршруттук унаалардын айдоочулары иш ташташты. Алардын мындай кадамга барышына - бирдиктүү форма кийүү, унааны камсыздандыруу талаптары, жүргүнчүлөрдүн орой мамилеси, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын салган айыптын суммасынын көптүгү себеп. Бул тууралуу маршруттук унаалардын айдоочулары нааразычылык акциясында айтып беришти.
"Мен өзүм 10 жылдан бери маршруттук унааларды айдап келем. Мурда мынчалык кыйналган эмеспиз. Азыр болсо бизди видеого тартышып, дароо жаманатты кылып жатышат. Бизди кичинекей балдар да сөгүп кетишет, түрдүү орой мамилелерге туш болобуз. Ал аз келгенсип эми унааны камсыздандыруу, форма алуу деген сыяктуу талаптарын коюп жатышат. Биз мындан ары буга чыдай албайбыз", - деди маршруттук унаанын айдоочусу Айбек Бердибаев.
Талаптар аткарылбай калса, жумушуңузду таштайсызбы деген суроого ал: "Ооба, ансыз деле көп айдоочулар Орусия жана башка чет өлкөлөргө кетип калышкан. Мен да ошолордун бири сыяктуу кетем. Азыр өзүңүз шаарды көрүңүз, маршруттук таксилер жок, бирок жол тыгын. Демейде жол тыгындарына бизди күнөөлөшчү, бүгүнчү, бүгүн тыгынды ким жаратып жатат?" - деди ал.
Ошондой эле айдоочулар, жол эрежелери боюнча экзамен тапшырууну татаал деп сыпатташты. Мындан тышкары эгер унааны камсыздандыруу, бирдиктүү форма кийүү деген талаптар алынса, айып пулдун көлөмү азайса дароо жумушка чыга тургандыгын айтышты.
"Эгер биздин айткандарыбыз аткарылбаса, биз маршруттук унааларды биротоло айдабай койгонго чейин барабыз" дешти алар.
Айдоочулардын талаптары:
1) Камсыздандыруу полиси жок маршруттук таксилердин айдоочуларына айып салууну жокко чыгаруу;
2) Бирдиктүү форма кийүү талабын алып салуу;
3) Жол кире акысын 15 сомго чейин көтөрүү;
4) Маршруттук таксинин айдоочуларына жүргүнчүлөрдү аялдама жок жерлерден деле салып же токтоп түшүрө берүүгө уруксат берүү;
5) Маршруттук таксилер жолдун экинчи тилкесинен деле бурула берүүгө уруксат берүү, бул үчүн айып салбоо;
6) Жолду туура эмес кесип өткөн жөө жүргүнчүлөргө да айып салуу.
Бишкектин маршруттук таксилерсиз көрүнүшү (бийиктиктен)
Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары иш ташташты



5) Маршруттук таксилер жолдун экинчи тилкесинен деле бурула берүүгө уруксат берүү, бул үчүн айып салбоо;
экинчи сызыктан бурулуп, каалаган жерине токтоп, жоо жургон адамдарды куноологусу келгендердин акмактарго. Мен бир эмес эки уч маршуртка айдоочулардан жана алардын аялдарынан уккам. Эн жакшы тапканда уч мин сомго чейин которуп келишет экен кечинде. Бир кругу эле 700 сом табышат экен. А бир кундо 3-4 круг айланышат экен.
1 айдоочулар таза,тыкан,жургунчулор менен сылык мамиледе болуусу
2 жол эрежесин сактоо,жургунчулор коопсуздугун сактоо
3 автонун абалын таза кармоо,техникалык коопсуздукка жооп беруусу
P.s россияга кетем,айдабай койом деген ойлор болсо ар биринерге ак жол,сапарынар байсалдуу болсун!
Ошол эле 10 сомго иштей турган каалоочулар толтура.
750 сомдон экен.