Нарында 78 жаштагы кемпир дарыяга боюн таштады. Кары кишинин дарыяга боюн таштаганы аталган дубанда биринчи жолу катталды



10-апрелде Нарын дарыясына боюн таштаган 78 жаштагы кемпир куткарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-апрелде эртең менен саат 9дар чамасында Нарын дарыясына белгисиз жарандын сууга агып бара жатканын милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун көргөн. Алар агып бара жаткан жаранды куткаруу үчүн дарыяга кийимчен түшүп, дарыядан алып чыгышкан.
"Боюн таштаган 78 жаштагы К.И. аттуу тургун куткарылгандан кийин милиция кызматкерлерине окуя тууралуу айтып берген. Анын айтымында, Нарын дарыясынын жээгине барып, ойлонуп отурганын, андан соң өзүн жаман сезип, өзүн-өзү өлтүрүү максатында сууга түшкөн. Учурда куткарылган жарандын ден соолугу облустук ооруканадан текшерилип, үйүнө кайтарылган. Кемпирдин айтымында, анын мындай аракетке баруусуна эч ким күнөөлүү эмес. Нарын облусунда дарыяга боюн таштаган кары кишинин окуясы биринчи ирет катталып жатат", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Ал эми Нарын РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн айдоочусу Жаныбек Асанбеков сууга аккан Нарын шаарынын 78 жаштагы тургунун куткарып, "Тез жардам" кызматын чакырганын айтат.
"Кечээ нөөмөттө болчумун. Эртең менен саат 9:30 чамасында кезектеги нөөмөттү өткөрүп коюп, үйүмө келе жаткам. Менин үйүм Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан. Суунун 5 метр шар аккан жеринде кошуна байке агып жатканын көрдүм. Карасам, кызыл көйнөкчөн адамды суудан тартып чыгарып жатыптыр. Дароо чуркап барып жардамдашып, ал адамды суудан чыгардык. Ал Нарын шаарынын 78 жаштагы тургуну экен. Апанын колу-буту үшүп калыптыр, дароо "Тез жардам" жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн атайын ыкчам кызматкерлерин чакырдым. "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери апага биринчи медициналык жардам көрсөттү", - дейт Асанбеков.
кошулду
Нарын дарыясына боюн таштаган 78 жаштагы кемпир куткарылды



Саламатсыздарбы! Сунуштарга рахмат.