super.kg logo

"Ош базардагы" өрттөн жабыр тарткан соодагер: "Өкмөт башчы базар эч жакка көчүрүлбөй тургандыгын айтты"

 

Бүгүн, 16-апрелде өкмөт үйүнүн алдына 150дөй адам топтолуп, өкмөт башчы Сапар Исаковду чыгып, алардын оюн угуусун талап кылып жатышкан. Чогулгандарга өкмөт үйүнөн өкүл чыгып, 10дой соодагерди өкмөт үйүнө алып кирип кеткен эле.

Сапар Исаковдун кабылдамасына кирген Бурулкан Абдраманова SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Өкмөт башчы бизди өзү кабыл алды. Жыйынга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты. Сапар Исаков маселени өз көзөмөлүнө ала турганын айтты. Ал биздин бардык талаптарыбызды укту, аларды тез арада чечип берем деп убада берди. Базарды эч жакка көчүрбөй, кайрадан ордуна тургузуп, 1 аптанын ичинде отчётун бере турганын айтты. Эми 1 аптадан кийин кайрадан өкмөт башчынын кабылдамасына келебиз. Ал бүгүн саат 16:00дө Жогорку Кеңештин төрагасына барабыз деди", - деп айтты Бурулкан Абдраманова.

Айта кетсек, 13-апрелде "Ош базарындагы" "Берекет" соода түйүнүнөн түнкү саат 3:00дөр чамасында өрт чыккан. Өрттү өчүрүү үчүн 14 техника жана 96 өрт өчүрүүчү кызматкерлер тартылган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, базардын 5 миң 400 чарчы метр жери күйүп кеткен. Өрт катталганын уккан айрым соодагерлер эртерээк келип, контейнердеги товарларын сыртка чыгарууга аракет кылышкан. Айрым сатуучулардын товарлары дээрлик күйүп кетип, күлгө айланган.

Буга чейин да "Ош базарынан" 2 ирет өрт чыгып, соодагерлер материалдык чыгым тартышкан. ӨКМ биринчи жолку кырсык өрт коопсуздугу сакталбаган электр зымдарынан чыкканын, 2-жолкусунда атайын кимдир бирөө тарабынан өрттөлгөнүн билдирген. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, бул ирет да базар атайын өрттөлүшү мүмкүн экенин аталган мекемеден билдиришкен.






Өрттөнгөн "Ош базарынын" соодагерлери өкмөт үйүнүн алдына чогулушту

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: