Ташчайнардын 5 жаштагы шакирти 3 тонналык жол тандабасты 34 метр аралыкка сүйрөдү













Ташчайнар каймана аты менен белгилүү болгон Нурлан Алишеровдун 5 жаштагы шакирти өзгөчө өнөрүн көрсөтүп, 3 тонналык жол тандабасты 34 метр аралыкка сүйрөдү.
Окуя бүгүн, 3-майда Бишкек шаарындагы Панфилов атындагы сейил бактын жанында орун алды. Анда Нурлан Алишеровдун 5 жаштагы Нуркыргыз каймана аты менен чыккан шакирти Митсубиси Пажеро үлгүсүндөгү жол тандабасты 34 метр аралыкка сүйрөдү.
"Нуркыргыз - 5 жашта, Таластын Бакай-Ата районунан болот. Буга чейин бир жолу унааны тарттырып көргөнбүз, андан кийин ата-энеси көпкө чейин макулдук бербей жүрдү. Бүгүнкү күндө бетин жаап, ата-энесинин макулдугун алып, ушул өнөрүн көрсөтүп жатабыз. Өлкө башчыбыз Сооронбай Жээнбеков айткандай "биз бир элбиз, бир журтпуз, нукура кыргызбыз" деп жаш баатырыбызга Нуркыргыз деген каймана ат койдук", - деди ал.
Ошондой эле Нуркыргыз өзү 21 килограмм экенин жана келечекте кичинекей баатырдын талантын АКШда көргөзүү планы бар экенин кошумчалап өттү.
кошулду
Ташчайнардын 5 жаштагы шакирти 3 тонналык унааны 34 метр аралыкка чейин сүйрөдү



кыйнабай жон эле койсонор болмок.