Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын концертинин билеттери бир жарым миң сомго чейин сатылууда
Бүгүн, 4-майда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жакында эле баш кошкон ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын "Таттуу махабатым" аталышындагы концерти болот. Таттуу түгөйлөрдүн концертине билеттер 800-1500 сомго чейин сатылууда.
Концерт көрүүгө келген Гүлмира айым айрым билеттердин баасы 2 миң сомго чейин сатылып жатканын айтат. "Менин билетке болгону 500 гана сомум бар болчу. Кассага барсам билеттер жок экен. Билеттин баарын алып сатуучулар алып, кайра кымбат баага сатып жатышат", - дейт ал.
Концертти көрүүгө келгендердин саны улам көбөйүүдө. Учурда концерт баштала элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:46
2026-08-13
17:06
2026-08-12
10:16
2026-08-11
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео


















Бул жерде алып сатарлар 5 колун оозуна салбай 100-150 сом үстүнө коюп сатса деле болот эле. Элди кыйнап нааразы кылбай
Жоктуку арман менен кылбай 500койсо болмок элдин чонтогуно жараша
Мисалы: Турдакун, Иляз, Сыймык Бейшекев