super.kg logo

ЖЫЛНААМА: “Кыш сонатасындагы” ролу менен таанылган Пак Ён Ха көзү тирүү болгондо 49 жашка чыкмак 

 

Бүгүн, 12-августта белгилүү түштүк кореялык актёр жана ырчы Пак Ён Ха 49 жашка чыкмак. Ал 2010-жылы 32 жашында каза болгон. Аны өз үйүнөн уюлдук телефондун ток өткөргүч зымына асылган денесин апасы тапкан. Ал эми Пак Ён Ха тартылып жаткан “Сүйүү ыры” тасмасы баш каармансыз калган.

Пак Ён Ха 1977-жылы Сеулда төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Чунан университетинин театр факультетине тапшырып, ийгиликтүү аяктаган. 1995-жылы “Сүйүү класстан башталат” фильмине алгачкы жолу тартылып, актёрлук кесиптин даамын таткан. Бул тасманы улай “Үмүттүн ыры”, “Кайра-кайра карап”, “Кар бүртүгү”, “Сүйүүдөн да улуу” сериалдарында роль аткарып, белгилүү болгон.
Актёрго атак алып келген “Кыш сонатасы” сериалы 2002-жылы тартылып, түштүк кореялыктарга көрсөтүлгөн. Андан ары сериал бүткүл Азия өлкөлөрүнө сатылып, актёр Японияга барып ырчылык дареметин сынап көрүүнү чечет. Ал жактан 2008-жылы “Абада” жана 2009-жылы “Бир адамдын тарыхы” деген хит кинолорго тартылып, ал өлкөдө да атактуулугу өсөт. Негизинен аны эл Япония менен Түштүк Кореянын достугун бекемдеген инсан катары баалашкан.
“Ва-Банк” (“Тагдыр оюну”) сериалындагы “Бир гана кечээки күн үчүн” ырын дал ушул Пак аткарган. Ырчылык карьерасында Японияда бир нече альбом чыгарып, Корея менен күн чыгыш өлкөсүндө аншлаг менен концерт бергенге жетишкен. 2008-жылы “Абада” сериалынын саундтреги болгон “Сүйүү үчүн” ыры япон чартында 3-орундан ылдый түшкөн эмес. Ал эми ошол эле жылы чыккан “Сүйүү” деп аталган ыр жыйнагы да хит-параддын алдыңкы ондугуна кирип, эң мыкты альбом болуп табылган.
Пак Ён Ха 2010-жылдын 30-июнунда үйүндө каза болгон абалда табылган. Анын жакындарынын айтымында, актёр акыркы убакта атасынын ден соолугуна байланыштуу катуу санааркап жүргөн. Атасына ашказан рагынын акыркы стадиясы деген диагноз коюлган. Анын күтүүсүз өлүмү корей шоу-бизнес дүйнөсү үчүн чоң жоготуу болгон.
12-августка карата жылнаама.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: