Бишкекте мектептин бүтүрүүчүлөрү бара жаткан 4 унаа жол кырсыгына кабылды
Бишкекте мектептин бүтүрүүчүлөрү бара жаткан 4 унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жол кырсыгы Бишкек шаарынын Элебесов жана Фере көчөлөрүнүн кесилишинде саат 12:30дар чамасында болгон. Анда 3 Mercedes-Benz, 1 Lexus үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп алган. Ал 4 унаанын баарынын ичинде мектепти аяктап жаткан окуучулар болгон. Жол кырсыгынан эч ким жаракат алган эмес. Учурда бул факты боюнча биздин кызматкерлер иш алып барып жатат, унаалардын баары айып аянтчасына токтотулду", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
кошулду
Бишкекте мектеп бүтүрүүчүлөрү бара жаткан 4 унаа жол кырсыгына кабылды
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Колундан келеби, ошол унааларды конфискация кылып алып койгула биротоло, калган ата-эне уул-кызына унаа берээрде ойлонот. Анан ата-энелери менен мугалимдерин бир кун кечке шаарды кыдырткыла, мойнуна табличка илип туруп, ошол окуучулар менен кошо...
Мына ушундай радикалдуу кадамдарга бармайынча Окмот менен билим беруу министрлигинин айткан созунун бир тыйынчалык кадыры жок!!!
Мына Сокенин тушунда мыйзамдар кандай иштеп, ким мыйзамга баш ийип жатканынан бир "далил" жогорудагы окуя...