super.kg logo

Бишкекте аялга бычак сайып, кызды барымтага алууга шектелген жаран кармалды

 

Кечээ, 11-июнь күнү Бишкекте эки оор кылмышка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 20:50 чамасында Кара-Балта көчөсүндө 1953-жылы туулган аял моюн тарабына бычактан жаракат алган. Алдын ала маалымат боюнча, кол салууга анын 2002-жылы туулган жээни шектелүүдө. Бул факт боюнча «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Кийинчерээк, саат 21:45те Жибек Жолу жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз эркек киши кызды бычак менен коркутуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери жана жардам көрсөткөн жарандардын аракети менен шектүү кармалган.

Тергөө маалында кызды барымтага алган жана аялга бычак сайган шектүү бир эле адам экени аныкталып, ал 2002-жылы туулган Б.Р. болуп чыкты.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда.






Кылмыш

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: