Ысык-Көлдөгү курулушка айып салынды
Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы Карагай курортунун курулушунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, темир-бетон конструкцияларын курууда бекитилген долбоордук чечимдердин сакталбаганы жана дубал конструкцияларынын сапатына коюлган талаптар бузулган. Натыйжада курулуш иштерин жүргүзгөн "Бай Сервис Девелопмент" ЖЧКсына 235 миң сом айып пул салынды.
Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча тапшырма берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















