Жогорку Сот Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды
13-июнда Жогорку Сот экс-депутат Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды.
Соттук отурумда Жапаровдун жактоочулары жана жабырлануучу Эмилбек Каптагаев аны актоону суранган.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.
2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.
кошулду
Жогорку Сот Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды
Автор: Бактыяр Кыдыралиев
Оператор: Руслан Алыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
-11

Провокация жараткан билдирүүлөрдү жазууга жол берилбейт! 10 күн БАНга!
Соттор оздору чечим чыгарды дейсинерби, мындай иште Ак уй менен кенешип, ошолорун айтканын кылбай соттордун жаны экоо бекен?!!
Соке кыйратып жатат, Соке азамат, Сокени эл колдойт, Соке Кыргызстандын келечегин ойлойт деп тош каккан Арзыматтары кана Сокенин?!!
Жапаров элдин койгойун которуп чындык учун куйуп-бышып жургондо, Соке Ошто жамбаштап жаткан, губернаторлугуна чиренип...
Кыскасы, Соке жарабайт!!!
Ээ Чубак, сен колдогон Сокен, Кудайдын суйгон пендеси деп сен мактаган Сокендин кылган ишин кордунбу?!!
Сен (Чубак) тошок маселесинен элге масала айтып отурганда Садыр Жапаров Кумтор маселесин которуп, куйуп бышып жургон. Атамбаев аны ошол учун каматты, Кумтордогу "долясынан" ажырагысы келбей, аны эл билип калбасын деп...
Эми сенин Сокен Аташкасынын изи менен бара жатат...
Эми эмне дейсин сен, Чубак?!!
ХХХХХХХ
Эртен Соке Кыргызстанды сатып жиберсе эмне ХХХХХХХХХ
Эскертүү! Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Этика нормаларын сактагыла!