Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду (беренелер)
Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Кулматовдун баш коргоо чарасын караган шаардык соттогу отурумда прокурор тарабынан айтылды.
УКМК SUPER.KG порталына тастыктап бергендей, Кулматовго экинчи кылмыш иши 14-июнда "Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу" жана "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелери менен козголгон.
Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев бул жөнүндө өзү да кабары жок экенин, бүгүнкү соттук отурумда билгенин айтты.
Айта кетсек, бүгүн, 18-июнда Бишкек шаардык соту Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын карап, биринчи инстанциядагы соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган. Буга чейин Биринчи Май райондук сотун Кулматовду 28-июнга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу боюнча чечим чыгарган.
Буга чейин Кубанычбек Кулматовго "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, айыбы угузулган. Ал 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.
Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголду



Жээнбеков эч кандай коррупция менен курошкон жок. Бизде баары коррупци-р болуп буткон. Болгону Жээнбеков Атамбаевге каршы гана саясатын жургузуп жатат. Сокен АШАны жакшы эле сатып кетти. Болбосо Жээнбеков баарын камап кустуруш керек. Озунун инисинен баштабайбы коррупцияны
Ал эми 2018-жылдын башынан бери Мамлекеттик бажы кызматы 16 млрд 519 млн сом чогулткан, бул пландан 1 млрд 800 млн сомго көп дегенди түшүндүрөт.
2017-жылдын ушул убактысына салыштырмалуу төлөмдөр 4 млрд 594 млн сомго көбөйгөн.
Бирок, кирешенин көбөйүшүн эч кандай профицит деп атоого болбойт. Беш ай ичиндеги бажы төлөмдө
Конец переписки
Введите сообщение...