super.kg logo

Темир Сариев суракта ага кандай суроолор берилгенин айтты

 

Темир Сариев УКМКнын сурагынан чыкты. Суракта ал бир саат болду. Анын айтымында, ал күбө катары 2-3 маселе боюнча тактоочу маалыматтарды берди.

"ЖЭБ боюнча түзүлгөн келишим тууралуу Экономика министрлигинин 2013-жылдагы өзгөчө пикири бар болчу. Тергөөчүлөр ошол боюнча тактоочу суроолорду беришти. Эгер дагы суроолору пайда болсо, кайра чакырышы мүмкүн", - деди сурактан кийин журналисттерге Сариев.

Темир Сариев 2011-2015-жылдары экономика жана антимонополдук саясат министри болуп турган.

Буга чейин ал 13-июнда биринчи жолу сурак берип чыккан эле. Анда да Сариев ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу коррупция фактысы боюнча күбө катары чакырылган. Сурак берүү убактысы болжол менен 2 саатка созулган.

Белгилей кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.


кошулду





Темир Сариев УКМКда 1 сааттай сурак берди

Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
19.06.2018. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азго Темир брат бекеринен кулуп кирбептирда
19.06.2018. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Берки Эрлан деген министр иностранных дел эмнеге суракка чакырылбайт. Анын дагы тийешеси бар элего. Же Соке ал суралбасын деп буйрук берип койдубу.
19.06.2018. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Исаков деле башында кубо катары чакырылган Темикени дагы камалатко
SUPER.KG видео
20.06.2018. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев айланасына коррупционерлерди чогулткан.Шапшынып,алды-артын карабай жешиптир го.чиркин!Дагы деле Бакиевдерди сындап коюп,элдин башын айлантып жеп жата бермек экен да,Арашанда жатып алып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: