super.kg logo

Баткенде жансыз денеси каналдан табылган аял мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү аныкталды

 

Баткендин Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылындагы каналдан жансыз денеси табылган аял мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул тууралуу маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Буга чейин аталган аймактан 39 жаштагы аялдын жансыз денеси каналдан табылганы маалымдалган эле. Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында аял мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган.

"Маркум Н.А.нын баш сөөгүндөгү оң каракуш чыкый бөлүгү урулуп айрылган, оң жана сол бетинде жана сол көзүндө көгөргөн тактары бар, моюнунун үстүңкү жана ортоңку бөлүгү жип менен муунтулган, моюнунун бешинчи жана алтынчы омуртка сөөктөрү сынган. Ошондой эле жүлүн мээнин, баш мээнин жабык түрдөгү жаракаты, баш мээнин сол төбө челдеринин астында кан уюганы аныкталган.

Бул жагдай боюнча 18-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.


кошулду





Баткенде каналдан табылган аял мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү аныкталды

Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
22.06.2018. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Зоокур, акмактар кобоюп кетти...
22.06.2018. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айланайын кандай мыкаачы мынчалык кордоп олтурду
23.06.2018. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баткенде коп экен адам жоголду мыкаачылык менен олтурулду деген сыяктуу кылмыштар.Жок менимче акыркы жылдарда эле кобойуп кетти окшойт.Коркуп кетем
23.06.2018. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде куноолуну табыша алышпайт бироосу да, ошол учун да адам олтургондон коркушпайт,экинчиден мыйзам иштебейт
SUPER.KG видео
23.06.2018. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялдар мынча кор болду...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: