super.kg logo

Кайталангыс талант Дүйшөн Байдөбөтовдун сөөгү жерге берилди

 

Бүгүн, 9-июлда Кыргыз киносунун алпы, белгилүү актёр Дүйшөн Байдөбөтовдун сөөгү өзү туулуп өскөн Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында жерге берилди.

Актёрду акыркы сапарга узатууга маданият жана бийлик өкүлдөрү, маркумдун кесиптештери жана жакындары келди.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, чыгаан актёр, кайталангыс талант Дүйшөн Байдөбөтов 1949-жылы 5-январда атасы 73, апасы 49 жаш кезинде туулган. 1-классында атасынан, 5-классында апасынан айрылган. 9-классты аяктаган соң №5-мектеп интернатында билим алган. Аны менен катар борбордогу театралдык студиядан билим алып, Мамат Жакыпов деген режиссёрдун сунушу менен алгачкы жолу Алайга театрда иштөө үчүн барган. Кийин Фрунзеде сынак жүрүп жатканын угуп, ага катышуу үчүн келген. Жыйынтыгында 500 кишинин ичинен 27 студент тандап алынып, Москвадагы театралдык окуу жайга тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Албетте, алардын арасында Дүйшөн Байдөбөтов да болгон.

1971-жылы окуусунун акыркы курсунда "Мен Тянь-Шань" фильмине актёрлор тандалып, кинопробага катышкан бир топ талапкерлердин арасынан Динара Чочунбаева экөө кастингден өтүшкөн. Кино жарыкка чыгары менен бүтүндөй Кыргызга аты таанылган. Тасмага тартылганы үчүн 1800 рубль гонорар төлөнүп, аны ай сайын 70-80 рублдан бөлүп берип турушкан. Актёрдун айтымында, аталган кинодон тапкан каражатына 2 керебет менен муздаткыч сатып алган.

Мектепте чогуу окуп, окуучу кезинен жактырып жүргөн сүйүктүүсү Кенже Исмановага үйлөнгөн. Ага мектепти аяктап, бүтүрүү кечеси болуп жаткан учурда сүйүүсүн билдирген. Аны башка бирөө ала качып кетпесин деген ойдо алгач үйлөнүп, андан соң окууга тапшырып Москвага кеткен.

Актёр 28 жашында Кыргыз Республикасынын Эмгек Сиңирген артисти, 38 жашында Эл артисти наамын алган.

Кыргыз киносунун чолпон жылдызы Дүйшөн Байдөбөтов 7-июль күнү оорудан улам көз жумган.


кошулду





69 жашында каза болгон актёр Дүйшөн Байдөбөтовдун сөөгү жерге берилди

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
09.07.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаткан жери жайлуу болсун
09.07.2018. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллахым мекениңизди бейиш кылсын чыныгы таланттуу актер элеңиз туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам
09.07.2018. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эх дуйно... ким болбосон да ушинтип бир домпок топурактын алдында кала ьерет экенбиз да.... жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!!!. Жакындарына кайрат тилейм.. арты кайрылуу болсун!!!
10.07.2018. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакындарына сабыр...уул балага ото оор дешет...оз колу м.н оз жакынын дерге комуу деп....оору акыры алып тынат..аттин дуйно.....
SUPER.KG видео
10.07.2018. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун
SUPER.KG видео
19.07.2018. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jatkan jeri jailuu bolup Allahym beyishten orun bersin. Omiin.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: