Түлеевдин баласынын үйүн мамлекеттин карамагына алуу иши 20-июлда чечилет



Нариман Түлеевдин баласынын үйүн мамлекеттин карамагына алуу боюнча маселени сот 20-июлда кайра карайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоочу Качкынбек Булатов билдирди.
Булатовдун айтымында, сотко кошумча документтер тапшырылгандыктан сот ишти 20-июлда кайра карап чечим чыгарат.
Айта кетсек, бүгүн, 11-июлда Нариман Түлеев билдирүү жасап, сот аткаруучулар менен милиция кызматкерлери Ленин райондук соттун чечимин аткаруу үчүн Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин мурдагы жубайы Мира Сыдыкова бир уул, бир кызы менен жашап жаткан Бишкектеги үйүн бошотуу талабы менен барышканын айткан. Түлеев президенттен Башкы прокуратурага ишти калыс карап чыгуу үчүн тапшырма берүүнү өтүнгөн.
Качкынбек Булатов мурдараак билдиргендей, Мүлк фонду алууну көздөп жаткан үйдү Нариман Түлеевдин атасы 2005-жылы салып, 2010-жылы небереси Санжар Нариман уулуна өткөрүп берген. Бирок Түлеевдин мүлктөрүн камакка алууда бул үй дагы тизмеге кошулган.
Нариман Түлеевдин баласынын үйүн мамлекеттин карамагына алуу ишин сот кайра карайт








1 |