super.kg logo

Композитор Муратбек Бегалиев Кыргыз Эл баатыры наамын албай калышына министр Султан Жумагуловду күнөөлөдү

 

Кыргыз Эл артисти, Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору, композитор Муратбек Бегалиев Кыргыз Эл баатыры наамына көрсөтүлгөн. Социалдык тармакта "Муратбек Бегалиев жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында жетиштүү добуш ала албай министр Султан Жумагуловго опурулган" деген билдирүү тараган. Бул тууралуу композиторго байланышканыбызда, ал SUPER.KG порталына буларды айтып берди.

"14-июлда маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов маданият ишмерлерин мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү боюнча коллегия өткөргөн. Анда мага Эл баатыры наамын берүү маселеси каралып, министр баш болуп, комиссиянын мүчөлөрү добуш беришти. Министр Султан Жумагулов төмөн баа бергенден кийин коллегиянын бардык мүчөлөрү дагы төмөнкү баасын беришти. Добуш берүү маселеси каралып жатканда министр "Кочкорлук белеңиз?", "Кара-Кулжалык эмессизби" деп мага асылып, башкача мамиле жасап жатты. Министр "сиз бул наамды алуу үчүн 5 жылдан кийин орден алышыңыз керек, андан кийин дагы бир орден алышыңыз керек" деди. Анан чыдабай кетип "Мен сага жаш бала эмесмин. Мындай мамиледен кийин, ушул окуядан кийин мен бул жерде отура албайм" деп чыгып кеткем", - дейт ал.

Ал эми министрдин маданият өкүлүнө эмнеге мындай мамиле кылып жаткандыгын композитор мындайча түшүндүрдү.

"Мындан бир жарым ай мурда Султан Жумагулов мага "сизди коллегиянын мүчөлүгүнөн алып салдым, капа болбоңуз" деп телефон чалды. Мен "нанга таарынган баладай болуп эмнеге таарынмак элем, барбасам кайра жакшы" дедим. Эртеси күнү коллегиянын өзгөртүлгөн курамын карасам менин аты-жөнүм жүрүптүр. Көрсө, өкмөт "Бегалиевсиз дагы коллегия өтмөк беле?" деп кошуп коюптур. Андан кийин коллегиялар өтүп жатты, бирок министр мени чакырган жок. 13-июлда коллегиянын аксакал мүчөсү чалып "эртең сага наам берүү боюнча отурум болот, келип жакшынакай болуп отуруп бер" деди. 14-июлда барсам Султан Жумагулов мага тийишип, асылып жатты. Мен бул тууралуу кеңири маалыматты эфирлерден берем", - деп билдирди.

Белгилей кетсек, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Эл баатыры наамы төмөндөгүдөй учурда берилет:

1. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы жарандарга Кыргыз Республикасынын эркиндиги, көз карандысыздыгы жана гүлдөп-өркүндөшү үчүн жасалган баатырдык менен байланышкан, мамлекет жана коом алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылат.

2. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин жана тиешелүү күбөлүктү тапшыруу менен бир жолу ыйгарылат.

3. "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси төштүн сол тарабында Кыргыз Республикасынын ордендери менен медалдарынын үстү жагына тагылат.


кошулду





Министр менен композитордун ортосунда наамга байланышкан талаш жаралды

Автор: Гүлнур Имангалиева
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
17.07.2018. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Сага артис деген эле наам жетет эл баатыры болуп эмне кылдын баатырлардай. Сен таарынгыдай ХХХХХХ Баатыр дегег артис болбойт
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-18 12:14:10
18.07.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
odin-takoy,сен озун кимсин чоон эле адамды сенсирегидей.
18.07.2018. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
"Кыргыз Эл Баатыры" наамы өзгөчө учурларда гана берилиши керек, жыл сайын ар кимге чачыла чачкандай кылып, чучук улак карматып бере салуунун кереги жок. Ошондо наамдын да баркы болот. Бегалиев "Баатыр" наамын алыш үчүн кандай эмгек кылыптыр, көзгө басар кандай чыгармасы бар?.. Мисалы, К.Молдобасанов, Н.Давлесов десе музыкалык билими жок адам да билет, а булар кыргыз искусствосунун каймактары болчу.Азыркылардын амбициясы асман айды чапчыйт, уят эле, адам өзүнө да сын менен ка
Aitunuk түзөттү 2018-07-18 03:00:12
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: