Бир ящик аракка жана 5000 сомго сатылган Чолпонайдын аянычтуу тагдыры



15 жашынан жетим калып, кыйналып чоңойгон 27 жаштагы Чолпонай башынан өткөн кыйын күндөрүн SUPER.KG порталына айтып берди. Анын айтымында, ал 4 бир тууганы менен ата-энесинен эрте ажырап, таякесинин колунда чоңойгон. Базарда коробка терип, нан бышырып иштеген Чолпонайды таякеси ур-токмокко алып кордогон. Ал турмуштун оордугунан тажап, 15 жашында эле өзүнөн 10 жаш улуу жигитке турмушка чыгып кеткен. Таякеси калыңын алган.
"Биз 2005-жылы Жалал-Абаддан Бишкекке көчүп келгенбиз. Жарым жыл өтпөй апамдын көзү өтүп кетти. Атам бизди бала кезибизде эле таштап кеткен. 4 бир тууганым менен таякелерибиздин колунда калдык. Базарда коробка терип, түрдүү оор жумуштарда иштеп акча тапчубуз. Эки сиңдимди базардан жоготуп, ошол бойдон таба албай калдык. Милиция дагы таба алган жок. Иштеп тапканыбыздын баарын таякеме берчүбүз. Таякем ага да ыраазы болбой, бизди ур-токмокко алчу. Акыры андан тажап 15 жашымда эле турмушка чыгып кеттим. Күйөөм ичкиликке берилген киши эле. Мени ар дайым басынтып, сабачу. Кыйналганымды таякеме айтсам "сени бир ящик аракка, суусундук жана 5000 сомго бергенбиз" деп, айтор, сатып жибергенбиз дегендей эле мамиле кылып койгон. 4 балалуу болгондон кийин аны менен ажырашып, өзүнчө батирге чыгып алдым. Эптеп жашап, күн көрүп жүргөнүмдө 1986-жылкы бир жигитке жолуктум. Ал менин балдарымды карап, жардам берет деген ойдо ага турмушка чыгып алдым. Бирок экинчи күйөөм менен да тагдырлаш боло албай ажыраштык. Кайненем уулу мага үйлөнөрдө "сага бойдок кыз алып берем" деп каршы болуптур. Андан боюмда бар экенимди айтсам "алдырып сал" дешти", - дейт Чолпонай.
Учурда Чолпонай 4 баласы менен Көк-Жар айылында жашайт. Акчасы жок батирдин ижара акысын төлөй албай карызга баткан. Карызы тамак-аш, турак жай ижарасын кошкондо 25 миң сомдон ашат. Өзүнүн паспорту, ал тургай балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү да ар кайсы дүкөндөргө күрөөгө коюлган.
"Ачка калган күндөр көп болот. Жардам берген туугандарым жок. Балдарым кошунанын балдарын көрүп балмуздак жейм, велосипед алып бер деп ыйлашат. Мен эмне кыларымды билбей жерге кирип кетким келет. Айла жок балдарымдын күбөлүктөрүн дүкөндөргө коюп, азык-түлүк алам. Батирдин акчасын 3 айдан бери бербей жүрө берип, карызым 25 миң сомдон ашып кетиптир. Акчам жок болгондуктан балдарымды да дарыгерлерге көрсөтө албай жатам. Кичүү баламдын башында шишик бар. Кулактарынан ириң аралаш суу агат. Ал эми ортончу баламдын көзү ооруйт, улуу балам астма оорусу менен жабыркайт. Курсактагы балама 8 ай болуп калды. Бир айдан кийин көз жарам. Менин эки бөйрөгүм ооруйт. Кокус төрөттөн чыкпай калсам, балдарым эмне болот?" - деп көзүнө жаш алып, сөзүн жыйынтыктады ал.
SUPER.KG порталы Чолпонайдын тагдыры, учурда жашап жаткан абалы жана балдарынын ден соолугу тууралуу Аламүдүн райондук социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлерине маалымдады. Тиешелүү мекеме Чолпонайдын үй-бүлөсү менен жакынкы күндөрү жолугуп, жардамдашып, социалдык камкордукка алышарын айтышты.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн Чолпонайдын байланыш телефону: (0554) 84 85 25 (Элсом).
кошулду
5000 сом жана 1 ящик аракка сатылган Чолпонайдын тагдыры



Канчалык кыйналсамда мен сени суйом омур
Ушул ыр саптары канчалык мааниге ээ э, сабыр жана сабыр каалайым , анан ушул турмушта коп кыйналган келиндер кайра коп торойбу деп дагы ойлойум коруп турасынбы балдарын кыйналганын зачем еще тороп кереги бар , врачка кайрылып сактанып алсанар болотко , талап кетпегиле жеке оюм . ((
Бул келин болоору болуптур,кийинки ушундай ситуациядагыларга сабак болсун
Спиралга акчасы жок депсин,бул просто шылтоо.
Саламатсызбы! Жардам берүүнү каалагандар үчүн Чолпонайдын байланыш телефону: (0554) 84 85 25 (Элсом).