Пара алууга шектелген кафедра башчысы: "Мен бүтүрүүчүдөн эч кандай акча талап кылган эмесмин, анын баары атайын уюштурулган"
"Бүтүрүүчү кыз жетекчисинин ордуна өзү кол коюп диплом жактоого киргендиги тууралуу жазган түшүнүк катын кайра кайтарып алуу үчүн мени атайын "подстава" кылды" деп бүгүн, 19-июлда SUPER.KG порталына пара алууга шектелип жаткан КУУнун Социология жана коомдук иштер кафедрасынын башчысы билдирди.
Анын пикиринде, интернетте тарап жаткан маалыматтар бир тараптуу.
"25-июнь күнү мага бүтүрүүчү кыз келип жетекчиси менен байланыша албай жатканын айтып, диплом жактоого кирүүнү суранган. Мен ага "жетекчиң менен байланыш уруксат берсе кол коюп берем" дедим. Бирок ал жетекчиси менен байланыша албай калган. Жетекчинин пикири үчүн бүтүрүүчү өзү кол коюп жактоого кирип кеткен. Ал убакта жетекчиси дагы жумушка келбей дайынсыз жоголуп кеткен эле. Кийин бүтүрүүчүнүн жетекчиси мага чалып, өзүнүн студентинин дипломдук ишин жактаганын сурап, ишинин пикирине кол коё электигин айтты. Андан кийин мен экөөнү чакырып, түшүнүк кат жазгыла дедим. Бүтүрүүчү кыз "ооба, мен жетекчинин пикирине өзүм коюп алгам" деп түшүнүк кат жазып берген. Ал эми мугалим жумушка келбей калганы үчүн ар кайсы шылтоону айтып түшүнүк кат жазуудан баш тарткан. Кайра бүтүрүүчү кыз өзүнүн жазган түшүнүк катын менден алуу үчүн атайын уюштуруп ушунун баарын жасап жатат. Аудио сүйлөшүү дагы монтаж, мен андан эч кандай акча сураган эмесмин", - деди кафедра башчысы.
Ал эми КУУнун Социология жана коомдук иштер кафедрасынын мурунку башчысы, кармалган жаңы жетекчи дипломдук ишти бешке жактаган бүтүрүүчүнүн ишинде жетекчинин колу жок экенин айтып, анын баасын жокко чыгаруу үчүн акча талап кылган деген пикирин билдирген.
Айта кетсек, 18-июлда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Кыргыз улуттук университетинин кафедра башчысы бүтүрүүчүдөн 27 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалгандыгы тууралуу маалымат тараткан.
ЖОЖдо диплом жактоо 400 доллар турабы?









1 |