Сулуулугуна суктанып бүтпөйм. Борбордук аянтта элечек оронгон апалар, кыз-келиндер (фоторепортаж)
























26-июлда Бишкек шаарындагы борбордук аянтта жайгашкан Курманжан датка айкелинин жанында "Оймо" фестивалынын алкагында 1 сааттын ичинде 100гө жакын айымга элечек оролду. Бул иш-чара III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына багытталып, ага бардык каалоочулар катышты.
Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылынан келген Асыл Абдырахманова элечек тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Элечек кыргыздын салты боюнча 40 кадам (20 метр) кездемеден оролот. Биз ал кездемени тууралап бычып алабыз. Илгери апаларыбыз алыста жүргөндө жип, ийне, күзгү жана башка кичине буюмдарын үстүнө салып жүрүшкөн. Эгерде бала төрөлүп калса, элечекти пайдаланышкан. Элечек - бул кыргыздар пайдаланып, керегине жараткан баш кийим. Аялдардын башына дагы ыңгайлуу болуп, жаш-курагына карата оролуп, келиндердики өзүнчө, апалардыкы да өзүнчө болот. Ошондой эле ар бир аймактын өзгөчө элечектери бар, Нарындын, Ысык-Көл жана башка аймактардын элечектери ар башкача болот", - дейт ал.
Элечек 100гө жакын айымга оролгон соң, алар борбордук аянттагы Манастын айкелине чейин басып барып, кайрадан Курманжан датканын айкелине келишти.
кошулду
Бишкекти элечекчен энелер каптады. Оймо фестивалдан көрүнүш



Дэн - соолукта болгула , бар болгула )