super.kg logo

Сапар Исаковдун жактоочулары райондук соттун чечимине каршы экенин билдирип, шаардык сотко кайрылышат

 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 31-июлда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду камакта калтыруу мөөнөтүн эки айга узарткан. Сот отурумунан кийин анын жактоочулары мындай чечимге каршы экенин билдирип, шаардык сотко кайрыла турганын айтышты.

Жактоочуларынын бири Нурбек Токтакуновдун айтымында, ишти караган сот Айбек Эрнис уулу чечим чыгарууда далилдерге таянган жок.

"Сотто тергөө органдарынын ыкчам кызматкерлеринин биринин "Сапар Исаков үй камагына чыгарылса, чет өлкөгө качып кетиши мүмкүн" деп жазып берген каты каралып, сот ошол каттын негизинде чечим чыгарып койду. Мыйзам боюнча Исаковдун чет өлкөгө качып кете турганын далилдеген үн жазуулары же авиабилети көрсөтүлүшү керек эле. Бирок эч кандай далилдер келтирилген жок. Биз бул чечимге каршы болуп 5 күндүн аралыгында шаардык сотко кайрылабыз", - деди Токтакунов.

Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш иштин негизинде 29-май күнү "коррупция" беренеси менен айып тагылган. 5-июнда УКМКга бешинчи ирет суракка чакырылып, ошол күнү Биринчи Май райондук соттун чечими менен эки айга камакка алынган. Райондук соттун чечимин Бишкек шаардык соту 13-июнда, Жогорку Сот 24-июлда күчүндө калтырган.

Айта кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алынган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.






Сот Сапар Исаковду камакта калтырууну эки айга узартты

Автор: Жамалидин Парманкулов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
SUPER.KG видео
31.07.2018. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кураторго музейдеги ишчи козголбойбу?
SUPER.KG видео
01.08.2018. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай кичи пейил жакшы бала корунот(
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: