Мектепке кирүү акысына акча, мектеп фондуна акча, кошумча ийримге акча... Окуу жылы менен кошо башталган көйгөйлөр
Бүгүн, 4-сентябрда жаңы окуу жылы башталды. Ага чейин ата-энелер балдарын окууга даярдоо, 1-класска берүү жана башка бир катар аракеттерин көрүштү. Буга чейин айтылып келген көйгөйлөр бул окуу жылында да айтылып, ал тургай мектептин тартыштыгы маселеси жыл өткөн сайын курчуп баратканы белгилүү болду.
Окуу жылы менен кошо башталган көйгөйлөрдү SUPER.KG порталы иликтеп көрдү.
4 БАЛАНЫН ЖАЛГЫЗ БОЙ ЭНЕСИМИН, 2 БАЛАМДЫ МЕКТЕПКЕ КИРГИЗҮҮГӨ ШАРТЫМ ЖОК
"Мен жалгыз бой энемин, 4 балам бар. Бишкектеги "Дордой" базарына жакын жерде жашайм. 2 баламды мектепке киргизейин десем "орун жок" деп кабыл алыша элек", - деп кайрылды аты-жөнүн жашыруун калтырууну өтүнгөн келин.
Айтымында, ал балдары менен Ош облусунан келген. Жолдошу менен ажырашып кетип, балдарын өзү багат. Талаа жумуштарына чыгып күнүмдүк керектөөлөргө акча табам деген эне балдарын документтеринин жоктугунан мектепке бере албай калган.
ИЧКИ МИГРАЦИЯНЫН ӨСҮШҮ МЕНЕН МЕКТЕПТЕРДИН ТАРТЫШТЫГЫ 3 ЭСЕГЕ ӨСКӨН
"Дордой" базары тараптагы жаңы конуштарда документи жок балдарды гана эмес, барларын да мектепке алуу оор абалды жараткан. Анткени өлкөдөгү жумушсуздукту негиз кылып өлкөнүн дубандарынан жашоочулар Бишкекке агылып турган чакта мындай көйгөй курчуган. Ак-Бата, Ак-Жар, Адилет, Келечек жана башка базардын тегерегиндеги конуштарда батирлердин ижара акысы шаар ичиндеги батирлерге караганда арзан болгондуктан жана базарда эмгектенгендер көп болгондуктан ички мигранттар аталган конуштарга жашоону эп көрүшөт.
МЕКТЕП САЛБАГАН МАМЛЕКЕТ ТҮРМӨ САЛУУГА АРГАСЫЗ БОЛОТ
2 баласын мектепке бере албай жаткан келиндин көйгөйү менен Балдарды коргоо борборуна кайрылдык. Борбор турмуш-тиричиликтен кыйналган үй-бүлөлөрдүн балдарына ар тараптуу жардам көрсөтүп келет. Борбордун "Дордой" базары жактагы филиалынын социалдык кызматкери Таалайбек Жакыпов мындай мектеп көйгөйүн чече албай жүргөндөр өтө көп экенине токтолду.
"Дордой менен анын тегерегиндеги жаңы конуштарда көбүнчө ички мигранттар жашайт. Жергиликтүү жашоочулар өздөрү 5 миң болсо, батирге ижара төлөп жашаган ички мигранттардын саны андан 3 эсе көп.
Ак-Бата, Ак-Жар, Адилет конуштарынын биринде да мектеп жок. Ак-Батадагы башталгыч мектеп 198 окуучуга ылайыкташканы менен 1200 бала окуйт.
Мектепке кирип дем алуу өтө кыйын, окутуп жаткан мугалимдерди, балдарды аяйсың. Ак-Батада 1200 түтүн бар, ар биринде бирден бала болгондо эле 1200 болуп жатат, мындан тышкары мектеби жок Ак-Жар, Адилет конуштарында 20 миңдей түтүн бар. Алардын балдары кайда барып окуйт?
Ак-Жар мыйзамсыз салынган конуш деп каралбай жатат, ал Бишкекке карайбы же Чүйгө карайбы бул да чечилбей келет. Өкмөт мектепке кайда барсаңар өзүңөр чечкиле дегендей эле мамиле жасап жатат.
Андагы балдардын баары Дордойдогу №87, №94-мектептерге келишет. Бул мектептерде да ылайыкталгандан 3-4 эсе көп бала окуйт. 20-кылымдарда бир аалым "Мектеп салбаган өлкө акыры түрмө салууга мажбур болот" деп айткан экен.
МЕКТЕП КУРУУГА ДЕМӨӨРЧҮ ТАБЫЛГАН, БИРОК МАМЛЕКЕТ ЖЕР БЕРБЕЙ ЖАТАТ
"Биз Ак-Бата жаңы конушуна мектеп салуу маселеси менен жергиликтүү бийликтен тартып жогорку бийлик бутактарына чейин кайрылып 5 жылдан бери майнап чыгара албай келебиз. Бул убакыт ичинде мектептин өзүн куруп берүүгө демөөрчүлөр да табылды. Арабдар келип, абалды көрүп мектеп салып берүүнү убадалаган. Эми өкмөт ошол мектепке жер тилкесин бөлүп бербей, ушунча ата-энеге кошуп балдарды кыйнап жатат. Ушундай шартта бала кандай билим алат, демек, өлкө балдарга татыктуу билим алуусуна шарт түзө албай жатат. Тагыраагы, түзгүсү келбейт. Ал эми сиздерге кайрылган келиндин балдарынын күбөлүктөрүн алууга жана мектепке орнотууга жардам берүүдөн баш тартпайбыз", - деп кошумчалады Жакыпов.
198 БАЛАГА ЫЛАЙЫКТАШКАН МЕКТЕПКЕ БУЛ ЖЫЛЫ 1 МИҢ 200 БАЛА КАБЫЛ АЛЫНДЫ
Балдарды коргоо борборунан кийин ылайыкташкандан алты эсеге көп баланы кабыл алып окутуп келе жаткан мектепти көздөй бет алдык. Бир кабаттуу имарат, ичинде узунунан кеткен бир коридор. Эки тарабында балдар окуган класстар, алардын саны он. Жыйналыш залы, спорт залы жок, ашкана да убактылуу жабылган. Анткени менен директордун бул кыйынчылыктардан өтүп кетебиз деген үмүтү чоң.
Ак-Бата конушундагы №43-мектептин директору Нурия Алагушова: "Бул мектеп 5-класска чейин гана окутууга ылайыкташкан. Бирок биз 9-класска чейинки балдарды кабыл алып окутабыз. Бала көп, класс аз. Башталгыч класстар 4 мөөнөттө, ал эми 5-класстан 9-класска чейинки окуучулар 3 мөөнөттө окутулат. Мындан улам сабак эртең менен саат 7:30да башталат.
Бирок окуу тартибин бузбайбыз, сабактар 45 мүнөт өтүлөт. Мектепке көп бала кабыл алынганын эске албаганда мектептин абалы жакшы, класстарда шарттар түзүлгөн", - деди директор.
ОКУУ ЭМЕС ЭЛЕ, АЙ САЙЫН АКЧА СУРАМАЙ БАШТАЛДЫ
СЕРЕПЧИ: МЕКТЕПТИ БҮТКӨНГӨ ЧЕЙИН БАЛАГА МИЛЛИОН СОМ КОРОГОН УЧУРЛАР БОЛГОН. ӨЛКӨДӨ БИЛИМ АЛУУ АКЫСЫЗ ДЕП АЙТУУ МҮМКҮН ЭМЕС
20 жылдан бери көйгөйгө кабылган ата-эне, балдар менен иш жүргүзүп келе жаткан адис Кумар Эргешова: "Кыргыз мамлекетинин Баш мыйзамында жазылган "Мектептерде билим берүү акысыз" деген пункт аткарылбай жатат деп толук айта алам. Анткени шаардагы дээрлик бардык мектептерде "Кирүү салымы" бар. Мунун калп эмес экенин ата-энелер тастыктай алат. Шаар ичиндеги мектептерде бул салым 2 миң сомдон 60 миң сомго чейин жеткенин билем. Укмуш окутуп жиберебиз деген мектептерде ай сайын топтогон акчаларынын суммасы да жогору. Ата-энелер эч кандай каршылык көрсөтө алышпайт, анткени мектептер шаардык бюджеттерден каржылангандыктан, ар бир мектеп өзүн-өзү каржыласын деген таризде ички уставдарын түзүүгө уруксат берилген. Ата-эне нааразы болуп чыкса эле, ички жобобуз бар деп мөөр басылган кагазды алдына коюп коёт.
Бишкектин четинде мыйзамдуу 48, мыйзамсыздарды кошкондо 54 жаңы конуш бар. Ошончо жаңы конушта болгону 12 мектеп иштеп жатат. Эптеп окутуп, аттестат беребиз деген мектептердин бир жылдык "кирешеси" 3 миллион сомго жетет. Ал эми биз эсептеп, иликтеп чыкканда 1 баланы мектепке окутуп бүтүрүү үчүн 1 миллион сом жумшалган учурлар бар экенин аныктадык. Анан кантип өлкөдө билим берүү акысыз деп айтабыз. Мунун баары мугалимдин аз айлык алып иштегенинен улам болуп жатат".
ШААРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ: "МЕКТЕП ФОНДДОРУНА АТА-ЭНЕ МИЛДЕТТҮҮ ТҮРДӨ ЭМЕС, МҮМКҮНЧҮЛҮГҮНӨ ЖАРАША АКЧА БЕРЕТ
Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Билим берүү борборунун башкы адиси Жайнагүл Сапалова жогоруда аталган көйгөйлөр боюнча: "Ички миграция өсүп, баш калаада мектептин жетишсиздиги курч маселе болуп турат. Ушул тапта шаарда 16 мектеп жетишсиз.
Ал эми акча маселесине келсек, биринчи класска кабыл алынган ар бир бала мектепке акысыз кирет. Эч кандай акча төлөбөшү керек. Ай сайын акча топтоо маселесине токтоло турган болсом, мектептин ички жоболоруна ылайык мектептерде фонд түзүлгөн. Бирок ата-эне милдеттүү түрдө, ай сайын фондго акча берсин деген нерсе жок. Болгону мектеп фондуна жардам көрсөтөм деген ата-эне акча берсе болот. Мектепке кабыл албоо, мажбурлап акча алуу көрүнүштөрү болсо тургундар 0312 61 00 91 номерлерине кабарласа болот"
кошулду
Окуу жылы башталды. Мектеп көйгөйү - 1 партада 4 окуучу

















1 |