Алдыдагы дем алышта борбордо өтө турган иш-чаралардын тизмеси
Бул жуманын дем алыш күндөрү, тагыраагы, 6-7-июнь күндөрү Бишкек шаарында өтө турган маданий, спорттук иш-чаралардын тизмесин бир топтомдо сунуштайбыз
6-июнга пландалган иш-чаралар
Бул күнү Бишкекте дүйнөлүк музыка толкуну каптайт. Тагыраагы, "TIKI FEST" музыкалык фестивалы орун алмакчы. Иш-чара "Кленовый лист" гольф-клубунда өтүп, саат 17:00дө башталат. Билет баасы 3 миң сомдон башталат. Фестиваль эки саатка созулат.

"Евгений Онегин" операсы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында тартууланат. Иш-чара 3 саатка созулуп, саат 17:00дө башталат. Кирүү акысы 300 сомдон жогору.

"Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" ритуалдык спектакли Кыргыз мамлекеттик куурчак театрында коюлат. Ал саат 18:00дө башталып, 60 мүнөткө созулат. Билет акысы 500 сом. Спектакль 14+ жаштагыларга, эки тилде жүрөт: Кыргыз жана орус тили улам кезектешип, чыгармадагы окуялар поэтикалык көп үндүүлүк менен бири-бирин толуктап турат.

Кыргыз улуттук академиялык драма театрында "Атанын дүнүйөсү" спектакли көрсөтүлөт. Кирүү акысы 500 сом. Саат 19:00дө башталат. Спектаклдин узактыгы: 1 саат 30 мүнөт
Бул спектаклде адамдар материалдык жактан бай болсо да, алардын чыныгы жан дүйнөсүнүн жакырчылыгы, руханий баалуулуктары жоголуп баратканын, жакындардын ортосундагы байланышты (байлык же бийлик) жана сый-урматтан, тынчтыгынан айрылууга алып келерин баяндайт.

"Сказка о царе Салтане!" спектакли Кыргыз мамлекеттик куурчак театрында коюлат. Ал саат 11:00дө башталат. Билет акысы 200 сом. 
7-июнда өтө турган иш-чаралар
“Кош Жылдыз” аталышындагы концерт Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борборунда өтөт. Бул жолу эл арасындагы ыр ышкыбоздорун Эл артисти Султан Каримов, Эмгек сиңирген артист Айбек Касымов, маданияттын мыктылары Нуриза Абазова, Фарида Өмүрзакова, белгилүү обончу Мамарасул Мавлянов жана башка атактуу жылдыздар коштойт. Концерт саат 18:30да башталып, 1 саат 30 мүнөткө созулат. Билет баасы 800сом.

Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын Малахит залында "Пушкин музыкада" аттуу кече өтөт. Бир жарым саатка созулган концерт 17:00дө башталат. Билиет наркы 300 сомдон башталат. Иш-чара орус тилинде өтөт.

Өзбек жазуучусу жана драматургу Саид Ахмаддын калемине таандык "Күйөө бала" спектакли Кыргыз улуттук опера жана балет театрында коюлат. Жанры - комедия. Билет наркы 500 сом. Спектакль саат 19:00дө башталат.

Карло Коллодиндин "Жыгач куурчактын окуясы" жомогунун негизинде коюлган "Пиноккионун жыгач шаары" килемче-спектакли Кыргыз мамлекеттик куурчак театрында көрсөтүлөт. Саат 12:30да башталат. Билет наркы 500 сом.

"Маша жана Аюу" цирк-шоусу Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борборунда көрсөтүлөт. Башталышы: 11:00дө. Баасы: 300 сомдон жогору.

7-12-июнь күндөрү борбордо IV Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт. Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи 7-июнда Усубалиев атындагы аянтта ачык асман алдында өтөт. Саат 18:00дө катышуучулар, коноктор жана эл аралык калыстар тобу салтка айланган "Асман килем" көк килеми аркылуу өтүшөт. Ал эми саат 19:00дө расмий ачылыш аземи башталат.
Иш-чаранын соңунда уюштуруучулар борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн атайын сюрприз тартуулашат.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Палестина футбол командаларынын беттеши орун алат. Оюндун башталышы саат 20:30да. Ал эми күйөрмандар үчүн 18:30дан тарта стадиондун аймагында атайын шоу-программа уюштурулат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















